Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

ИНДИЯ БОМБЕЙДЕГИ ЭКИ ЖАРДЫРУУНУ ИСЛАМЧЫЛАРДАН КӨРӨТ


Бомбейдеги жардыруулардан кийин Индияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Эл аралык коомчулук 50дөй адамдын өмүрүн алган терракттарды кескин айыптады. Жардыруулар үчүн эч ким жоопкер болгон жок. Бирок Индиянын коопсуздук кызматтарынын эсебинде, жардырууну коңшу Пакистандагы исламчыл уюмдар менен байланышы бар жергиликтүү экстремисттер жасашы мүмкүн.

Индиянын ири соода борбору катары эсептелген Бомбейде дүйшөмбү күнү орун алган жарылуулар жергиликтүү калкка мындан он жыл мурдагы терракттарды эске салгансыды. 1993-жылы катар-катары менен жасалган жардыруулардан 250дөй адам өлүп, 700дөн ашуун киши жаракат алган эле. Ал эми өткөн жылы жана быйыл Бомбейде автобуста, поездде, коомдук тамактануу жайында, базарда жасалган ар кандай жардыруулардан 15тей адам каза таап, 50дөй киши жарадар болгон. 25–август күнү болсо эл ташыган таксиге катылган бомбалардын биринчиси зергер буюмдарды сатуучу "Зевари базар" деген соода борбордун, экинчиси Бомбейдин "Индия дарбазасы" деп аталган белгилүү монументинин жанында жарылды. Натыйжада бул эки жардыруудан, соңку кабарларга караганда, 50дөй адам мерт болуп, 150дөй киши жаракат алды. Айланадагы имараттарга зыян келип, ондогон автоунаалар күйүп кеткен. Маселен "Индия дарбазасы" монументине жакын жайгашкан беш жылдыздуу "Тажмахал" мейманканасынын 12 кабатына чейин айнектери күбүлүп түштү. Бомбей борбору болгон Махараштра штатынын баш министринин орун басары Чаган Бажбалдын айтымында, террорчулар жогорудагы жерлерди бекеринен бутага алган эмес:
- Менин ишенимимде террорчулар биздин башкы туристтик жайларыбыз - "Индия дарбазасын", "Тажмахал" мейманканасын жана соода борборубуз - "Завери базарды" акыркы айларда жакшы өнүгүп жаткан экономикабызга сокку уруу үчүн тандап алды. Биздин полиция бул чабуулдун артында тургандарды табууга аракетенүүдө.

Окуя үчүн азырынча эч ким жоопкер боло элек. Бирок, бул жолку жардырылуулар үчүн да Индия студенттеринин ислам кыймылы деген тыю салынган уюм шектелүүдө. Индия бийликтеринин эсебинде, акыркы айлардагы ар кандай жардыруулар үчүн ушул уюм жоопкер жана бул топтун коңшу Пакистанда аракеттенген "Лашкар-е-Тайба" деген исламчыл уюм менен байланышы бар. "Лашкар–е-Тайбаны" Индиянын бийликтери 2001-жылдын декабарь айында өлкөнүн парламентине жасалган кол салууга катышы бар эки исламчыл уюмдун бири катары атаган. Индиянын премьер-министринин орун басары Лал Кришна Адвани азыркы окуялардын артынан Пакистанды Бомбейдеги 1993-жылдагы жардырууларга тиешеси бар террорчуларды өткөрүп берүүгө чакырды:

- Мен дагы бир жолу Пакистанды Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү бизге берген тизмедеги 20 адамды өткөрүп берүүгө чакырам. Алардын 19су Пакистанда калууда. Алар бизге өткөрүлүп берилиши керек. Ошондон кийин гана биз кечээ алар бул кол салууну айыптаганда эмнени эсепке алышканын билебиз.

Баяндамачылар Бомбейдеги жардыруу Индия менен Пакистандын тирешүүсү солгундай баштаган кезде жасалганына көңүл бурушууда. Нью-Дели да мындан бир жыл мурдагыдан айрымаланып, азырынча акыркы окуя үчүн Исламабадды түз күнөөлөй элек. Пакистан, жалпы эле эл аралык жамаат: АКШ, БУУ, Европа Биримдиги, Орусия жана башка өлкөлөр Индиядагы терракттарды айыптады. Индиянын өзүндө болсо бул окуялардан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Полиция жана аскерлер өлкөнүн ири шаараларында эл көп чогулган жерлерди, автобус, темир жол, аба бекеттерин, диний жайларды, индустар менен мусулмандар ортосунда жаңжаал чыгып кетиши ыктымал делген аймактарды көзөмөлдөп жатышат. Жарылуудан улам кечээ Индиянын биржасында жергиликтүү компаниялардын акцияларынын наркы төмөндөп кетти эле, бүгүнтөн тарта кайра көтөрүлдү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG