Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ӨЗӨКТҮК КУРАЛЫ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР БЭЭЖИНДЕ ӨТӨТ


Айданбек Акмат уулу, Прага Шаршемби күнү Кытайда Түндүк Кореянын өзөктүк куралга ээ болуу программасына байланыштуу алты тараптуу сүйлөшүүлөр башталат. Ага катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү бул күндөрү Бээжинге чогулууда. Ал эми эксперттер көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуу болооруна аяр үмүт артууда.

Түндүк Кореянын өзөктүк куралга ээ болуу аракетине байланыштуу келип чыккан Корей жарым аралындагы кризисти Пхеньян Америка Кошмо Штаттары менен түз сүйлөшүү аркылуу чечүүнү көздөгөн. Ал эми АКШ жекеме-жеке эмес, көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү сунуштаган. Адегенде Вашингтондун мындай сунушунан баш тартып келген Түндүк Корея Орусия менен Кытайдын таасири астында көп тараптуу сүйлөшүүлөргө барууга макулдугун август айынын башында билдирген.

Бээжиндеги жолугушууда АКШнын өкүлү Түндүк Кореядан өзөктүк куралга ээ болуу аракетин токтотууну талап кылмакчы. Бирок, Пхеньяндын андай кадамга баруусуна түрткү бере турган кандайдыр бир сунуштун Вашингтон тарабынан даярдалгандыгы да белгисиз. Америка болгону, эгерде Пхеньян өзөктүк куралдан баш тартса, эки мамлекеттин мамилеси жакшырышы мүмкүн экендигин гана ишаара кылууда. Ал эми Түндүк Корея Вашингтондон кол салбоо тууралуу келишимге кол коюуну талап кылууда.

Американын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Филип Рикер Бээжиндеги сүйлөшүүдө АКШнын делегациясын Мамлекеттик катчынын жардамчысы Жеймс Келли жетектээрин айтып, буга токтолду:

- Көңүл борборунда Түндүк Кореянын өзөктүк куралга ээ болуу аракетин токтотуу болуш керек. Бул багыттагы биздин позициябыз силерге белгилүү жана биз ошол өңүттө талкуу жүргүзөбүз.

Жеймс Келли Бээжинге дүйшөмбү күнү келип, эртең баштала турган сүйлөшүүлөр боюнча Түштүк Корея жана Жапония өкүлдөрү менен кеңеш өткөрдү. Ал шаршембидеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы натыйжалуу болооруна азыраак үмүт бар экенин билдирди:

- Мен Бээжинге кайра келгениме ыраазымын. Биз да, кытайлык досторубуз да бул сүйлөшүүлөрдүн болушу үчүн көп аракеттенип иштедик. Эртең сүйлөөшүү башталат. Адегенде күн тартибиндеги маселе боюнча пикир алмашабыз.

Түндүк Кореянын делегациясын өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Ким Йаң-ил жетектейт. Ал шейшемби күнү Бээжинге келди. Булардан сырткары сүйлөшүүгө катыша турган Кытай, Орусия, Жапония жана Түштүк Кореянын делегаттары Кытайга кечээ күнү келишкен. 27-августа баштала турган сүйлөшүүлөрдүн үч күнгө созулаары күтүлүүдө.

Азиа жана Тынч Океандагы коопсуздук маселеси боюнча Гаваядагы борбордун эксперти Александр Мансуров Бээжиндеги жолугушуу узак мөөнөткө улана турган сүйлөшүүлөрдүн башаты экенин белгилеп, мындай дейт:

- Мен бул сүйлөшүүлөрдү Бээжин жараяны деп атаймын жана ал уланат деп ишенем. Көпкө созула турган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир натыйжа болот деп ойломун. Эртеңки сүйлөөшүлөр анын кезектеги раундун белгилөө менен аяктаса, ал ийгиликтүү болду деп айтса болот.

Бээжиндеги сүйлөшүүлөрдүн алдында Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын ортосунда эки терс окуя болду. Адегенде, Түштүк Кореяда өтүп жаткан Дүйнөлүк студенттердин оюнунда Пхеньяндан келген делегаттар менен Түндүк Кореядагы абалга нааразылык билдирип чыккан жергиликтүү демонстранттар кагылышса, андан кийин кечээ күнү Түштүк Кореянын деңиз чектерин кайтарып жүргөн аскерий кемелери балык улап жүргөн Түндүк Корея кемелерине карай чек араны бузду деп эскертүү ок аткан.

XS
SM
MD
LG