Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

ИЗРАИЛ ЯСИР АРАФАТТЫН ТААСИРИНДЕГИ ЖАҢЫ ӨКМӨТ МЕНЕН МАМИЛЕ ТҮЗБӨСҮН БИЛДИРҮҮДӨ


Айданбек Акмат уулу, Прага Израил өкмөтү Ясир Арафаттын таасири астында боло турган палестин өкмөтү менен мамиле түзбөсүн билдирди. Тель-Авив мындай билдирүүнү Махмуд Аббастын өкмөтүнө палестин парламентинде ишеним көрсөтпөө маселеси көтөрүлө баштаганда жасап жатат.

Жакынкы чыгышта тынчтык келишимине жетишүү максатында АКШнын мурунку президенти Билл Клинтон Израилдин мурунку өкмөт башчысы Яхуд Барак менен Палестин лидери Ясир Арафатты 1990-жылдын аягында АКШда жумалап кармап, сүйлөшүүлөр өткөргөн. Бирок андан натыйжа чыккан эмес. Мына ошондон кийин АКШ жана Израил тарап тынчтык сүйлөшүүлөргө Арафат жолтоо болуп жатат деп, сүйлөшүү жараянынан Ясир Арафатты четтеткен.

Анын ордуна Израил менен сүйлөшүүгө ушул жылдын апрель айында шайланган премьер-министр Махмуд Аббас тандалган.

Саясат таануучу адистердин пикиринде, Ясир Арафат менен Махмуд Аббастын ортосунда атаандашуу адегенде эле башталып, акыркы кезде ал туу чокусуна жетип баратат. Маселен, коопсуздук министрлигине Мухамад Дахланды дайындоодо Арафат менен Аббастын ортосунда көпкө чейин келишпестик орун алып, эки лидер араң орток чечимге келишкен. Ага ылайык Махмуд Аббас премьер-министрлик менен катар коопсуздук министри болуп, ал эми Мухамад Дахлан анын орун басарлыгына дайындалган. Ал эми Ясир Арафат жакында эле Палестинадагы коопсуздук кызматтарын көзөмөлдөөчү орунга өзүнүн жакын санаалашы Жибраил Ражубду дайындады. Изарилдин коргоо министри Шаул Мофаздын айтымында муну менен, бир жагында Ясир Арафат, Жибраил Ражуб, экинчи жагында Махмуд Аббас жана Мухамад Дахлан турган эки баштуу палестин бийлигинин ортосундагы каршылашуу туу чокусуна жетти.

Анда сырткары палестин парламентинде Махмуд Аббаска ишеним көрсөтпөө маселеси көтөрүлө баштады. Эксперттер мунун баарын Ясир Арафат менен Махмуд Аббастын ортосундагы күрөштүн күчөөсү катары баалашууда.

Ал эми Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом, эгерде Махмуд Аббас кызматтан алынып, анын ордуна Ясир Арафаттын таасириндеги өкмөт бийликке келсе, аны менен Израил сүйлөшүү жүргүзбөсүн жекшемби күнү билдирип, Махмуд Аббас кызматтан кетүүсү менен АКШ колдоп жаткан “жол картасы” планы да бузулаарын эскерти.

Палестин парламентинин спикери Ахмед Курей Махмуд Аббаска Палестин кызыкчылыктарына жараша ишеним көрсөтпөө мүмкүн экендигин жекшембиде билдирди. Ал эми АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча элчиси Жон Волф Палестин парламентине кат жолдоп, анда Вашингтон Махмуд Аббасты кызматтан алууну колдобосун эскертти.

Палестина менен Израилдин ортосунда кагылышуу күчөй баштаган чакта Жакынкы Чыгышка сапар менен келген Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча комиссары Хавьер Солана жөөт жетекчилиги менен жекшембидеги жолугушуусунда тараптарды “жол картасы” планын турмушка ашырууну улантууга чакырды. Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом болсо “Хамас” уюмун террордук деп таанууга жана Ясир Арафат менен мамилени үзүүгө Биримдикти чакырды:

- Европанын жана башка баарынын “Хамасты” террордук уюм катары таануусуна мезгил келди. Израил мамлекетине жакшы мамиледеги Хавьер Соланага кайрылып дагы айтаарым, Европа Биримдиги Ясир Арафат менен мамиле түзүүнү токтотууга тийиш.

Ал эми Хавьер Солана террордук уюмдарга каршы эмне иштер жасалып жатканын мындайча билдирди:

- Террордук уюмдарга келүүчү каражаттардын булагын тосуп салуу оңой эмес. Бирок биз бул багытта иштерди жасап жатабыз. Биз ойлойбуз, мындай уюмдардын түзүлүшүнө жол бербегенге шарт түзүү мыкты натыйжа берет.

XS
SM
MD
LG