Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:11

Лондон Иракка дагы 120 жоокерин жөнөттү


Улуу Британия Ирактагы кырдаалга көзөмөлдүк кылуу үчүн дагы 120 аскерин жөнөттү. Алар Ирактын чыгышындагы аймактарга, Басра шаарынын коопсуздугуна көзөмөлдүк кылышып, анын айланасында жайгашкан мунай куурларын кайтарышат. Улуу Британиянын өкмөт башчысы Тони Блердин айтымында, жаңыдан жибериле турган аскерлердин саны 3 миңге чейин көбөйтүлүшү мүмкүн. Иракта буга чейин Британиянын 11 миң жоокери бар болчу. Улуу Британия аскерлерин Ирактагы чет элдик аскерлердин санын дагы көбөйтүү зарыл деген АКШнын коргоо министринин кайрылуусунан кийин жиберди.

XS
SM
MD
LG