Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:58

ИРАКТЫК САЯСАТЧЫ АЯЛГА ОК АТЫЛДЫ, БЕРЛИНДЕГИ САММИТ БУУнун РОЛУНА ТАКАЛЫП ТАРАДЫ


Ишембиде Багдадда Ирактын Башкаруу Кеңешинин мүчөсү Акила ал-Хашими айымдын өмүрүнө куралдуу кол салуу болуп, денесинин бир нече жерине ок тийген саясатчы оор абалда ооруканага жеткирилди. Ушул эле күнү Берлинде Германия, Франция жана Британиянын лидерлери чогулушту. Алардын жолугушуусу – Ирактын мындан аркы келечегин аныктай алчу эл аралык маанилүү жыйын катары бааланууда.

Ирактын Башкаруу Кеңешиндеги үч аялдын бири, Акила ал-Хашиминин машинесине чукулдап барган башка машинеден ок жаадырылганда, саясатчынын унаасы бир имаратты сүзүп барып токтоп калган. "Ассошиэйтед пресс" кабар агенттиги маалымдагандай, куралдуу кол салуудан ал-Хашими айымдын ашказанынын эки жерине, ийнине жана бутуна ок кирген. Багдаддагы ооруканага күчөтүлгөн күзөт алдында жеткирилген саясатчынын абалы оор экенин догдурлар маалымдашты. Кол салуудан анын эки жансакчысы жараат алып, дагы бирөө оор акыбалда экени кабарланууда. Айрым маалыматтар боюнча, ал-Хашиминин машинесин аткылаган унаада аскердик кийимчен адамдар отурушкан, окуяга байланыштуу эки шектүү адам кармалганын "Ройтерс" агенттиги билдирди.

Саддам Хусейндин тушунда өлкөнүн тышкы иштер министрлигинде иштеген Акила ал-Хашими жакында Нью-Йорктогу БУУнун Жалпы ассамблеясына бара турган Ирактын делегациясынын курамына кирмек. Ирактыктардын бир бөлүгү Башкаруу Кеңешин өз алдынча чечим кабыл ала албаган күн карама орган катары катуу сындап келатканы маалым.

Ушул эле ишемби күнү Берлинде Ирактын келечегин талкуулаш үчүн Германия, Франция жана Британиянын лидерлери чогулушту. Бейшембиден бери Берлинде немец-француз өкмөттөрүнүн эки тараптуу мамилелерге арналган жыйындарын башкарган канцлер Герхард Шрөдер менен Франциянын президенти Жак Ширак жума күнү Иракты калыбына келтирүү иштери ыкчамдатылып, аларды жетектөө милдети Бириккен улуттар уюмуна өткөрүлүп бериши керек деп кайталашкан. Ирактагы согушка башынан эле каршы чыгып, Бириккен улуттардын уруксаты жок башталган майданга бир да аскерибизди жибербейбиз деп келаткан Германия менен Франциянын жетекчилери жана Саддамга каршы кампанияда Американын башкы өнөктөшү болуп берген Британиянын премьери эми Ирактын келечеги боюнча да бир пикирге келе алшыпады. Ошентсе да, Чикаго "Трибюн гезити" ишембиде жазгандай, Евробиримдикке эмдиги жылы жаңы 10 өлкө кошулуп, Биримдиктин орток Конституциясы кабыл алынаарына аз калган чакта жалпы кызыкчылыктардан улам Европалык үч алдыңкы өлкөнүн жетекчилери Ирактын тегерегинде да мунасалуу чечим табууга аракеттенгени байкалды.


Эмнеси болсо да, соңку кездери Германия менен Франциянын жетекчилери Багдадга байланыштуу баштагы катаал турумун бир аз жумшартып, атүгүл айрым маселелерде Кошмо Штаттарды колдой тургандыгын билдире башташты. Бейшембиде "Нью-Йорк таймс" гезити немец канцлери Герхард Шрөдердин: "Германия менен АКШ азыр кол кармаша дүйнөдөгү тынчтыктын кызыкчылыгына кызмат өтөшү керек", - деген сөздөрүн жарыялады. Ошол эле күнү Шрөдер Берлинде чыгуучу гезиттердин биринде жарык көргөн интервьюсунда: "Германия Ирактын аскерлери менен полициячыларын машыктырып-үйрөтүүгө жардам берет", - деп билдирди. "Бул чечим Бириккен улуттар уюмуна тиешеси жок, Германиянын жеке демилгеси", - деп белгилей кеткен немец канцлери. Айрым байкоочулар Берлиндин бул билдирүүлөрү келээрки аптада Герхард Шрөдер Нью-Йоркто Бириккен улуттардын Жалпы ассамблеясынын алкагында АКШ президенти Жорж Буш менен жолугушаар алдында жасалганына көңүл бурушат.



Франциянын президенти Жак Ширак баштагыдай эле Бириккен улуттар уюмунун мандаты жок бир да француз аскери Ирактын чек арасын аттабайт деп басым жасоодо.

Берлиндеги үч тараптуу саммиттин аягында Тони Блэр, Герхард Шрөдер жана Жак Ширак Иракта көп создуктурбай, чыныгы демократиялык коом орнотуу зарыл жана өлкөнү кайра куруу, коопсуздукту камсыздоо иштерин башкаруу озуйпасы Бириккен улуттар уюмуна өткөрүлүп берилиши кажет деген пикирди колдошконун ырасташты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG