Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

АЛИЕВДЕРДИН ЖОСУНУ: КИМ КАНДАЙ ОЙДО?


Азербайжанда президенттик кызматтын атадан балага өтүшү Кыргызстандын саясий элитасында ар кыл пикирлерди жаратты. Расмий бийлик азырынча Азербайжандагы бийликтин бир колдон экинчисине өтүшүнө карата көз карашын билдире элек. Орусиялык кесиптешинен айырмаланып, Аскар Акаев ата ордун ээлеген Илхам Алиевге куттуктоо жолдой элек. Анткен менен коомчулукта түрк тилдүү КМШ өлкөсүндөгү саясий окуя демократияга коошпогон, атүгүл башкаларга өрнөк болчу осол окуя катары бааланууда. Ансыз да “постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүнүн конституциялык эки мөөнөттөн кийин деле кызматынан кеткиси келбеген президенттери Гейдар Алиевдин жолун жолдобойт, чоң кызматын уул-кызына өткөрүп бербейт” деп эч ким кепилдик бере албайт.

Соңку маалыматтарга караганда, Азербайжандагы нааразы болгон калкты тартип коргоо органдары бас-бас кылып, башкалаа куралдуу аскерлердин күчү менен тынчып туру. Дартка кабылган Гейдар Алиев өз ордун ишкер уулуна өткөрүп берүүгө белсенип калганын cаясий жоромолчулар мындан кыйла убакыт илгери эле айта башташкан. Мамлекеттик аппараттын өмгөгүнө салып, президенттик орунду атасынан баласына алып берген Азербайжандагы шайлоону эл аралык уюмдар демократияга сыйбас жосун катары баалашты. Экономикалык-саясий кызыкчылыгы бар Орусия биринчилерден болуп Илхам Алиевди жаңы орду менен куттуктады. Анын жолоюн КМШдагы башка өлкөлөр бир ооздон колдой тургандыгы деле турулуу иш. Постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүндө азырынча алгачкы президенттер ордун бошотууну ойлонуша элек. Ошондон улам Азербайжан президентинин өз ордун уулуна өткөрүп беришин көпчүлүк адистер чөлкөмдө бекем таканчык ала элек демократиянын аз-аздан династияга ооп баратышы катары кабыл алышууда.

«Келечек долбоору» коомдук фондунун жетекчиси, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Ишенбай Абдуразаков “постсоветтик КМШ өлкөлөрүнөн баарын күтсө болот” деген пикирде:

- Алиевдердин азыркы окуясы түрк тилдүү республикалар үчүн эле эмес, бардык жагынан прецедент (өнөгөлүү окуя) болду. Муну шайлоо жүзүндө болду деп айтыш кыйын. Азыр бизде, мурдагы Совет республикаларында, эркин шайлоо боло элек. Менимче, Алиевдердин прецедентин эч ким жакшы үлгү деп айта албайт. Калгандары «мына, Алиевдер деле ушуну жасап атпайбы» деп сөзсүз айтышат. «Каныбызда бар эмеспи, илгери биз кан шайлаганбыз, канзаадалар болгон, бекзаадалар болгон» деген психологияга өтүп кетсек, анда чыныбызды айтышыбыз керек. Бул демократия эмес, бул «Борбор Азияда өз салтыбыз менен кетели» деген сөз да. Анын үстүнө Борбор Азия саясий жагынан, көп жагынан демократиялык тажрыйбасы жетпеген, көп нерсени терең түшүнбөгөн деңгээлде, ушундай бир этапта туруп аткандыктан, бизде ар кандай нерсени күтүүгө болот.

Постсоветтик Борбор Азия республикаларында, сөздүн ачыгы, конституциялык эки мөөнөт менен чектелип, бийликти мыйзамдуу жол менен башка талапкерге өткөрүп берүү салты азырынча жайыла элек. Кайсы бир Батыш журналисти таамай белгилегендей, бул жердеги «түшпөс хандар» өз бийлигин колдон чыгарбай келатышат. «Кыргызстан демократиялык кыймылын» негиздөөчүлөрдүн бири, белгилүү жазуучу, коомдук ишмер Казат Акматов президенттик бийликти атадан балага өткөрүп берүү салтын жактырбаганын жашырган жок:

- Бул баягы эл караңгы, таптакыр орто кылымда болгон кездеги монархиянын мамлекеттин үлгүсүнө алып келип атпайбы, - дейт Казат мырза. - Анан эми ага барыштан Борбор Азия мамлекеттери уялбай калышты. Бетпардасы ачылып калбадыбы. Эми мүмкүн болгондун баары барат буга. Мен билбейм, биздин республикада андай мүмкүнчүлүк жок деп ойлойм. Мына, «Майрам Акаева барат» деп айтып атышат. Бул өзү, албетте, акылга сыйбай турган нерсе. Мындай болушу мүмкүн эмес, мен ага ишенбейм, андай болбойт. Биздин өлкөдө мындай жосунсуздук кайталанбайт деп ойлойм. Ал эми башка республикаларда бул болушу мүмкүн. Бул дүйнөдө баары боло берет экен го.

Азербайжандагы президенттик шайлоо, постсоветтик мамлекеттердин көбүндө демократиялык баалуулуктар сөз жүзүндө гана айтылаарын айгинелеген көрсөтмөлүү окуя болду окшойт. Каспий боюндагы кабелтең өлкөдөгү саясий жараян постсоветтик Борбор Азия мамлекеттеринин президенттерине демократия шартына шылтап ата бийлигин балага өткөрүп берүү мүмкүн экендигин кашкайта көрсөттү. Мындай салт Чыгышта кандык бийлик шартында өтчү.
XS
SM
MD
LG