Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Мадридде Ирактын экономикасын кайра куруу маселесине арналган конференция башталды


МАДРИД. Мадридде Ирактын экономикасын кайра куруу маселесине арналган конференция башталды. Конференцияны ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан:
- Билем, баарыбыз Иракта суверендүү өкмөттүн түзүлүшүн күтүп жатабыз. Бирок Ирактын чарбасын кайра калыбына келтирүү иши ага чейин күйбөйт. Бул иш азыр көп көңүл бурууну талап кылууда, - деп билдирди. Аннан өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү иши эң ириде Иракта легитимдүү өкмөттүн жана экономикалык мекемелердин түзүлүүсүн талап кылып жатканын айтты. Конференцияга 60тан ашык мамлекеттин, 300дөй ишкер компаниянын өкүлдөрү катышып жатат. АКШ жетекчилиги жыйында Иракты калыбына келтирүү үчүн зарыл 56 миллиард доллардан азыраак акча топтоло турганын айтып жатат.

XS
SM
MD
LG