Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

ФЕЛИКС КУЛОВ: «А. АКАЕВ АЙТКАНДАРЫН АТКАРСА, ТАРЫХ АЛДЫНДА АКТАЛАТ. БИРОК АНЫН УБАКТЫСЫ ӨТӨ АЗ»


«Арнамыс» партиясынын азыр түрмөдө отурган жетекчиси Феликс Кулов Кыргызстандагы соңку саясий абал боюнча «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берди. Түрмө шартына байланыштуу саясатчы отурган колонияга кирип, Ф.Кулов менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, анын адвакаты аркылуу суроо жолдоп, жооп алдык.

- Феликс мырза, соңку учурда кыргыз бийлиги ар кандай коомдук бирикмелерди түзүп, мамлекеттик ураандарды көтөрүүдө. Маселен, «Кыргызстан - адам укуктарын урматтаган өлкө», «Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз» деген ураандарды көтөрдү. Ошондой эле, коррупция менен күрөшүү максатында Адилет башкаруунун улуттук кеңеши түзүлүп, Кыргыздардын дүйнөлүк курултайында Демократиялык кодексти кабыл алынды. Бийликтин ушундай аракетинен натыйжа болобу же бул бийлик башында тургандардын саясаты ишке ашпай калгандыктан, элдин башын айландыруу аракетиби?

- Бийлик конкреттүү иш, конкреттүү тыянак чыкпаган учурда чыныгы маңызын жашырыш үчүн кандайдыр-бир кооз ураандарды көрсөтүүгө аракет кылат. Мындайча айтканда, бийлик бир нерсени өзгөртүүгө кубатсыз болсо, реалдуу тыянакты көрсөтө албаса, элдин башын адаштырган бир нерсени ойлоп чыгаруу гана калат. Маселен, «ар бир үй-бүлө байгер жашайт» деген жалган ураан чыгарылган. Совет мезгилинде да мындай ураандарды чыгарышкан эмес. Себеби, бул чындыктан алыс болчу. Кыргызстанда саясий негиз менен адамдар түрмөдө отурганда, оппозициялык гезиттер жабылып жатканда аны «адам укуктарынын өлкөсү» деген - бул реалдуу эмес. Анын чындыктан алыс экендигин бардык эл сезип, түшүнүп турат. «Элдин баары салык төлөш керек» деп атышат. Ошол эле учурда байлар салык төлөбөй жатканы көз боемочулук экенин калк түшүнүп турат. Андан башка сөздү табыш кыйын. Ошондуктан бийликтен элдин шабайы сууп, ишенбей калды.

- Аскар Акаевдин жакында элге жасаган кайрылуусунан кийин эмнегедир «ал кийинки президенттик шайлоого барат» деген сөздөр көп айтылып жатат. Сиздин «Акаев кийинки шайлооого барбайт» деп кескин айтканыңыз бар эле. Арадан убакыт өттү. Саясий кырдаал кайсы жагына өзгөрүшү мүмкүн дейсиз?

- А. Акаевдин элге кайрылуусунан кийин, бир гана үмүт бар. Эгер анын сөзү ишке ашса, абдан жакшы болмок. Бирок андай болооруна ишенич аз. Айткандарынын ишке ашышын чын дилден каалайт элем. Себеби, жеке Акаевдин эле эмес, бүткүл элдин каалоосу ошондой. Эгер өзүнүн ойлогон оюн ишке ашырууга анын эрдиги, саясий эрки жетишсе, ал тарых алдында акталат. Бирок анын убактысы өтө аз. Ошон үчүн ал шашылбаса болбойт. Кандай болсо да мен ага бир гана ийгилик каалайм. Эгер ал реалдуу бир нерсени өзгөртүү аркылуу президенттик шайлоого барса, эл аны сөзсүз колдойт. Мен буга ишенем. Себеби, эл реалдуу тыянакка кызыгат. Акаев эгер ушуну жасай алса, президенттик шайлоого эмнеге барса болбойт? Бул башкысы эмес. Эң башкысы - бийлик тынч, кан төгүүсүз, демократиялык жол менен өткөрүлүп берилиши керек. Эч качан көз боемочулук болбошу керек. Дагы бир жолу кайталап коеюн: Акаев элге жасаган кайрылуусундагы өзү берген убадасын аткарса, бул ириде элдин кызыкчылыгы үчүн болот. Мен бул боюнча да ага ийгилик гана каалайм. Тилекке каршы, чындыкка таянып айтсам, сыйкырдуу өзгөрүү болуп кетпейт да. Иш жүзүндө ишеним аз. Дагы кезектеги көз боемочулук болуп кетишинен Кудай сактасын.

- Эгерде сиз «Акаев кийинки президенттик шайлоого барса болот» деген пикир айткан болсоңуз, анда ал Конституцияга карама-каршы келбейби?

- Сөзсүз Башмыйзамга каршы келет. Бирок бир нерсени айтып коеюн: муну бардык эле атуулдар кабыл алышпайт. Менин тилектештерим реалдуу кабыл албашы мүмкүн. Мен айтаар элем: реалист болуш керек. А. Акаев бийликти жөндөн-жөн бербешин түшүнүш керек. Анын айланасындагылар буга жол бербейт. Кимдир-бирөөлөр муну уккусу келеби-келбейби, бирок чындык ушундай. А. Акаев демократиялык жол менен бийликте калгысы келсе, конституциялык база болсо, ошону менен элдин турмушу оңолуу жолуна түшсө, анда Акаевдин дагы бийлик мөөнөтүн узартып, мамлекетти башкарышы кадыресе көрүнүш болот.

- Жакында Азербайжанда Гейдар Алиевдин баласы Ильхам Алиев президент болуп шайланды. Гейдар Алиев өзү президенттик шайлоого барбай турганын билдирип, бирок ордуна уулун сунуштап, уулу президент болду. Азербайжандын бул үлгүсү Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда кайталанбайбы?

- Азербайжандын үлгүсүн эске алганда, Гейдар Алиевдин уулу Илхам кадыресе жетик адам. Ал сергек адам, өзүнүн атын булгаган эмес. Кырдаалды түшүнөт. Анда жоопкерчилик, тажрыйба бар. Эгер биздин А. Акаевдин балдарын алсак, жакшы билим алган, акылдуу, бирок жетиштүү тажрыйбасы жок. Ошондуктан аларды эл шайлап алаары күмөн. Себеби, алар өздөрүн эч кандай көргөзө элек. Анын үстүнө жашы да 30га чыга элек. Административдик, чарбалык, ишкердик чөйрөдө тажрыйбасы жок. Дагы белгилеп коюучу нерсе - президенттин балдарынын мүмкүнчүлүгү жетиштүү, жогору.

- Азербайжандын президентинин уулу президент болуп жатса, Казакстандын президентинин кызы Дарига Назарбаева партия түздү. Байкоочулар «президенттердин балдары аталарынын баркы менен бийликке умтулуп жатышат» деген пикирлерин айтып жатышат. Сиздин көз карашыныз кандай?

- Дарига Назарбаеванын тажрыйбасы менен тааныштым. Анын түзгөн партиясынын айланасында өкмөтчүл, Нурсултан Назарбаевге ыбаа караган адамдар чогулган. Бул кадимки эле көрүнүш. Бул жерде эч нерсе деле жок. Бийликтин партиясы көпкө жашабайт. Алар аталарынын баркы менен жашайт. Андан дагы, бардык деңгээлде бийликтин бардык бутактарын алышса да эч нерсе болбойт. Президенттин жакын адамдары партия түзүп, бийликти алышса деле мейли, бир нерсени жакшы жагына өзгөртө алышса болду. Андай өзгөрүүлөргө жетише албаса, менимче, мындай партияларды түзүү - саясий ката. Себеби, алар 2-3 жылдан кийин ким экендигин көргөзүп, эч нерсеге жарабай турганы ачыкка чыгат. Анда биз сапат жагынан утабыз. Бул шахматтагыдай. Мен шахмат боюнча разрядым бар болчу. Мындай кырдаалда аларга ашыкча жүрүш жасаганга жол беришибиз керек. Бул жерде корко турган эч нерсе жок.

- Феликс мырза, кийинки учурда кыргыз бийлиги ар кандай партияларды түзүп, биригип жатат. Бул сиздин саясий тагдырыңызга бир топ таасир тийгизиши мүмкүн. Мына, президенттик шайлоо жакындап келатат. Сизден сурайын дегеним, келерки президенттик шайлоодо «Арнамыс» партиясы өз талапкерин алып чыга алабы? Ал убакта деле сиз түрмөдөн чыкпай, отуруп калсаңыз эмне болот?

- Мен түрмөдө жатсам – бул айтканым саясий цинизм болбосун - бирок биздин партия ушундан да утушка ээ болобуз деп ойлойм. Мен түрмөдө жатып да бир нерсеге аракеттенип жатам. Биз, ачык айтканда, саясий «пиар-компанияда» чоң утуш алабыз деп ойлойм. Жаманы болбосо жакшысы болбойт. Биз койгон адам утаарына ишенем, мен эркиндикке чыгам. Бул жерде да корко турган эч нерсе жок.

- Соңку суроом: Орусиянын президенти Владимир Путин жакында Кыргызстанга келип, «Кант» аба майданын ачып кетти. Ошентип, кичинекей Кыргызстанда эки башка көз караштагы эки аскердик база жайгашты. Аскер адиси катары сиздин ушуга карата пикириңизди билелик дедик эле?

- Менимче, «Манас» аба майданындагы аскердик база чакан чөйрөдө конкреттүү милдет аткарып жатат. Ал Ооганстандагы согушка байланыштуу түзүлгөн Эл аралык антитеррордук коалициянын конкреттүү тапшырмасын аткарууда. Бул согуш, менимче, көпкө созулат. Аз дегенде беш жыл. Себеби, тоо-таштагы турмуштун жөнгө салынышы оңой эмес. Анткени кылымдардан бери келаткан пикир келишпестиктер бар. Бул үчүн көп убакыт керек. Ага кошумча наркотрафик деген бар. Орусиянын Канттагы аба базасы Жамааттык Коопсуздук Келишимине байланыштуу. Алардын милдеттери тууралуу базанын ачылышында Владимир Путин айтпадыбы.
Менин аскер кызматчысы катары көз карашымда, Кыргызстандын коопсуздугун эске алганда, бул базанын Кантта жайгашканы туура эмес. Муну Кыргызстандын түштүгүнө коюш керек болчу. Оштогу аба майданына жайгаштырса да болмок. Анткени анын учуп-конуу тилкелери жакшы. Орусиялыктардын Кантта жайгашканындай көп чыгымга учуратмак эмес. Эгерде түштүктө болсо, аскердик кызматтар жайгашканга шарт бар болчу. Жумушчу күчү да, батирлерди алуу да арзан болмок. Эгер СУ-25 аскер учагын эске алсак, бул жапыз уча турган, чектелүү мейкиндикте аракет кылуучу чабуулкөй учак. Бул жактан Баткенге уча турган болсо, Канттан тоолор аркылуу 6 миң метр бийиктикте учуп жеткиче, сөзсүз бир жерге конуп, май куюшу зарыл. Анткени Тажикстан аркылуу Ооганстан тараптан чабуул болсо, Баткендин чек арасында коркунуч туулушу мүмкүн. Бул жагынан, материалдык, финансылык жактан ушул рационалдуу мамиле болмок. Мындан келди, бул базанын Кант шаарчасына жайгаштырылышы аскердик кадам эмес, саясий кадам деп эсептейм. Менин көз карашым ушундай. Экинчи жагынан, туура десек да болот. Себеби, биздин аскердик күчтөр абадан коргоно алышпайт. Ошондуктан абадан коргонуу базасы болмоюнча Куралдуу күчтөр алсыз. Биздин Куралдуу күчтөргө керек болгон аскердик базаны түзүү абдан туура болчу.


- Ырахмат, Феликс мырза.

XS
SM
MD
LG