Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

БУЛ АПТАДА ФЕЛИКС КУЛОВДУ БОШОТУУНУ ТАЛАП КЫЛГАН АКЦИЯЛАР БОЛОТ


Азиза Турдуева, Бишкек Бул аптада «Арнамыс» партиясынын азыр абакта жаткан жетекчиси Феликс Куловду бошотуу талабы менен нааразылык акциялары өткөрүлөт. Бул акциялардын негизги максаты - Куловдун маселесине Кыргызстандын жетекчилигинин жана эл аралык коомчулуктун назарын буруу.

Ушул аптада Кыргызстандын айрым аймактарында «Феликс Куловго боштондук!» деген ураан астында акциялар өткөрүлүп, Куловдун сот ишине байланыштуу коомдук талкуулар болот. Мындай демилге Кыргызстандагы бир катар укук коргоо уюмдары жана «Арнамыс» партиясы тарабынан көтөрүлдү. Нааразылык акциясына укук коргоочу аялдар чыгышмакчы. Бул жөнүндө «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюумунун төрайымы Төлөкан Исмаилова мындай дейт:

- Мен Венада ЕККУнун адам укуктары боюнча жыйынында да айтканмын, Кыргызстанда полициялык режим өкүм сүрүп жатканын. Бул чынында эле ушундай. Бизде аялдардын саясий иштерге кийлигишкени жакшы натыйжа берип жатат жана аялдардын саясий активдүүлүгү бизде жогору деп ойлойм. Ошону үчүн бул акцияларга жалаң аялдар жана кыздар катышат.

Ал эми Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева болсо башкача пикирде.

- Сот өзүнүн чечимин чыгарды. Соттун чечими боюнча «Ф. Куловдун күнөөсү бар» деп айтылып жатат. Эми ал соттордун чечимин «туура эмес» деп айтууга биздин акыбыз жок. Эгерде биздин соттордун объективдүүлүгү болбосо, анда жогорку инстанциялар, Конституциялык Сот, эл аралык соттор бар. Ал жакка да кайрылышса болот, - дейт Токтайым Үмөталиева.

Куловдун сот ишине байланыштуу коомдук талкууларга болсо анын адвокаттары, сот органдарынын, саясий партиялардын, маалымат каражаттарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышат. Бул талкууларда Кулов кандай себептер менен соттолгону, анын күнөөсү бар-жок экендиги талкууланат. Куловго байланыштуу коомдук акциялар Бишкекте, Талас жана Чүй облустарында уюштурулмакчы.

Өлкөдөгү оппозициялык көз караштагы саясатчылардын пикиринде, Ф.Кулов саясий себептер менен камакта жатат. Ал эми бийлик өкүлдөрү болсо «Куловдун эркинен ажыратылышы саясий мүнөзгө ээ эмес» деп айтып келишет.

XS
SM
MD
LG