Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

ЭДУАРД ШЕВАРДНАДЗЕ КЫЗМАТЫНАН ЧЕГИНДИ


Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзе бүгүн кечинде кызматынан чегинүү жөнүндө жарыя кылды. Оппозиция ага коопсуздук кепилдиктери берилет деп билдирди. Тбилисинин көчөлөрүнө чыккан эл “баркут ыңклабынын” жеңишин майрамдашты. Оппозиция лидери Саакавшили бүгүнкү күндү тарыхый бурулуш катары баалады.

Шеварднадзенин билдирүүсү анын орус тышкы иштер министри Игорь Иванов жана оппозиция лидери Михаил Саакашвили менен жолугушуусунан кийин жасалды. Мамлекеттик сыналгы аркылуу чыгып сүйлөгөн президент, чегинүү жөнүндөгү кагазга кол койгонун ырастады. Эми өлкө конституциясына ылайык, парламенттин спикери Нино Буржанадзе мамлекет башчынын кызматын убактылуу аркалайт. 45 күндүн ичинде жаңы президенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш. Айрым маалыматтарга караганда, прзиденттик жана парламенттик шайлоо биргелешип өткөрүлүшү мүмкүн.
Тбилисинин көчөлөрүндө оппозиция тарапкерлери Шеварднадзенин чегинүүсүн майрамдашты.

Россиялык айрым маалымат каражаттарынын ырастоосунда, Грузиянын курамындагы Ажар автономиялуу жумуриятынын лидери Аслан Абашидзе бийиликке улутчулдар келсе, автономиянын чек араларын жаап коебуз деп билдирди.

Эсиңиздерге сала кетели, азыркы кризиске алып келген 2-ноябр күнкү парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыктарына ылайык, дал ошол Абашидзенин партиясы, өкмөтчүл блоктон кийинки экинчи орунду ээлеген.

Бүгүн кечинде америкалык СиЭнЭн каналынын кабарчысына жооп берип жатып, Саакашвили Шеварднадзеге коопсуздук кепилдиктери берилет деп айтты. “Президент кан төгүүлөрдү болтурбай, ушундай кадамга баргандан кийин, биз муну баалашыбыз керек”, - деген жеке пикирин билдирди Саакашвили. Андан ары оппозиция лидери Шеварднадзени тарыхый фигура катары сыпаттады.

СССРдин мурдагы тышкы иштер министри Эдуард Шеварднадзе 1995-жылы калктын 75 пайыз добушун жеңип алып, президентикке шайланган болчу. Эки кол салуудан аман калган Шеварднадзе, 2000-жылы Грузиянын жогорку кызматына кайрадан шайланган.

Араздашкан тараптарга арачылык жардам көрсөтүү максаты менен кечээ күнү Тбилисиге келген орус тышкы иштер министри Игорь Иванов президент Шеварднадзе чегинүү жөнүндө расмий жарыя кыла электеле “менин аракеттерим соңуна чыкты” деп, мекенине жол тартканы кабарланды. Бүгүн түштө Иванов журналисттерге мындай деп айткан эле:

- Менимче, кризисти чечүүнүн эң жакшы жолу – бул президент менен оппозициянын түздө түз сүйлөшүүлөрү.

Саакашвили менен жолугушуу маалында Иванов Россия Грузиянын ички иштерине кийлигишүүнү каалабайт деп билдирген эле.

Ошентип, оппозиция тарапкерлери грузин парламентин басып алгандан 24 сааттан көп өтпөй Шеварднадзе бийликтен кетти. Кечээ кечинде президенттин отставкасын талап кылып жаткан оппозициянын жактоочулары парламенттин имаратын басып алышкандан кийин Шеварднадзе жаңы шайланган парламентке кайрылуусун токтотуп, имаратты таштап кетүүгө мажбур болгон эле. Ал оппозицияны өкмөттүк төңкөрүш аракеттери үчүн айыптап, кызматынан чегинбей турганын жарыялаган эле.

Бүгүн болсо президент орус тышкы иштер министри Игорь Иванов менен алгачкы сүйлөшүүлөрүнөн кийин өз позициясын бир аз жумшартып, оппоненттери менен диалогго барууга даяр экенин билдирген:

- Албетте, компромисске баруу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок мен жана айткандай, бул үчүн парламентти жана президенттик резиденцияны басып алгандар, аларды бошотууга тийиш. Бул негизги талап, керек болсо ультиматум.

Бирок мындай талап оппозиция лидери Саакашвили тарабынан четке кагылган.

Маалымат каражаттарында Грузиядагы нааразылык акциясы, президенттин чегинүүсү менен катар, тынчтык жолу менен өткөнү баса белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG