Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

КЫРГЫЗСТАН ГАЗСЫЗ КАЛАБЫ?


Кыргызстан калкын газ менен камсыздоо жыл сайын кыш мезгилинде оорлойт. Быйыл дагы ал өнөкөт кайталанганы турат. Анткени «Узтрансгаз» менен газ боюнча ушул кезге чейин келишимге кол коюла элек.

Келишимдин кол коюлбай жатканына газдын акчасынын төлөнбөгөнү себеп болууда. Муну кыргыз өкмөтүнүн вице премьер-министри Базарбай Мамбетов мындайча белгиледи: Биз жактан көп күнөө бар. Карыз 10 млн доллардан ашып кетти. Ошолорду биз төлөшүбүз керек .

«Бул маселени кыш мезгилинде курчутпай, түп тамырынан толук чечиш үчүн эмне кылуу керек?» деген суроого Базарбай Мамбетов мындай жооп узатты: Пайдаланган газ жана электр энергиясы үчүн мекемелер, чарбалар жана адамдар өз убагында эле төлөсө маселе болбойт.

Вице премьер-министрдин мындай сөзүн кубаттаган Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев, газга акча төлөөгө атуулдардын мүмкүнчүлүгү жетпей жатат, андыктан, өлкөдөгү экономикалык кырдаалды оңдоо керек дейт:

- Негизги проблема бул - биздеги оор экономикалык абал. Мындан тышкары, эки мамлекеттин жетекчилеринин ортосундагы байланыштын начарлыгынан да ушундай маселелер чыгып жатат.

Базарбай Мамбетовдун айтымында, «Кыргызгаздын» башчысы Автандил Сыдыков апта башында Ташкенге барганда карыздарды төлөөнүн тартибин жана мөөнөтүн макулдашып келди. Кыргыз өкмөтү карыздын ордуна бериле турган товарларды даярдап койду:

- Өзбек тарапка төлөм катары ун, цемент, шифер, жүгөрү жана башка бизден чыккан стратегиялык товарлардын баарын берүүгө даярбыз, - дейт Базарбай Мамбетов.

Анын айтымында, Кыргызстандын чоң өлчөмдөгү карызына карабай өзбек тарап газды өчүрөбүз деп айта элек. Бирок газ боюнча келерки жылга келишим түзүлө элек. Анткени, өзбек тарап газ үчүн акыны нак акча менен сурап жатат. «Бирок кыргыз тараптын андай мүмкүнчүлүгү жок» дейт Базарбай Мамбетов.

СССР убагында калыптанган системага ылайык буга чейин Кыргызстандын электр энергиясы жана суусу үчүн өзбек тарап газ берүүчү. Бирок быйылкы жылдын август айынан тарта Ташкен электр энергиясын жана сууну алуудан баш тарткан. Ошого байланыштуу газ алуу огобетер оорлоду. Аймактагы мына ушул маселелерди чечүү үчүн регионалдык суу-энергетикалык консорциумду түзүү аракети жүрүп жатат. Андай жыйындардын бири кечээ Алматы шаарында Кыргызстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда башталды. Бирок мындай жыйындардан майнап аз чыгаары белгилүү. Анткени ар бир өлкө өз көзүрүн колунда кармап калууга аракеттенет. Маселен, Кыргызстан сууну, дагы башка мамлекеттер газ, көмүр, мунай сыяктуу стратегиялык байлыктарын бетке кармашат.

Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин айтымында, суу - Кыргызстандын бирден-бир стратегиялык көзүрү. Ошондуктан кандайдыр бир суу-энергиялык консорциумга кирип, сууга көзөмөлдү жоготуп алууга болбойт. Кыргыз өкмөтүнүн позициясы да ушуга жакын. Талдоочулардын пикиринде, Борбор Азия мамлекеттери энергия байлыктарын өз ара пайдалонуунун жолдорун аныктап алганга чейин, газсыз, суусуз калуу коркунучу сакталып калмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG