Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР: КОЛГО ТҮШКӨН САКАЛЧАН - САДДАМБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Америка Кошмо Штаттары «Саддам Хусейн кармалды» деп жарыялады. Бул жаңылык кыргыз журтчулугунда ар кыл пикирлерди жаратууда. Бири болсо аны сүйүнүп кабыл алса, кай бири Ирактын мурдагы диктаторунун нак өзү кармалганына ишенбейт.

Саддам Хусейн кыргыз элинин аң-сезиминде өз орду бар мамлекеттик жетекчи болчу. Айрымдар аны жексур катары мүнөздөп жек көрсө, анын чечкиндүүлүгүн, беттегенин бербей, бир сүйлөгөн кыйын “падыша” экенин айтып бүталбагандар да бар. Атын атагысы келбеген белгилүү саясатчылардын бири Саддам Хусейиндин кармалышы анүчүн жаман кабар болгонун айтты. «Америка мунайзатка кызыгып байлык үчүн гана ирактыктардын тынч жашоосуна бүлүк салды. Ирактыктар баары бир Саддамды жакшы көрүшөт», - деди ал. Бирок, кайчы ойдогулардын да катары калың.

Саддам Хусейндин колго түшүшү кызуу талашка жем болду. Бири «ал эргул эчак пластикалык операция менен өңү-түсүн өзгөртүп салган, дүйнөнүн бир бурчунда жыргап- куунап жашап атат» десе, дагы бири «байкушту жакындары сатып кетти» дейт. Көңүл бурчу жагдай, Саддам Хусейн чындап эле кармалганына таптакыр ишенбегендер да бар. Мисалы, Бишкектин тургуну Жылдыз Аманбекова ушундай ойдо:

- АКШ мурда «Саддам Хусейнди бункеринде отурган жеринде өлтүрдүк» деп жар салган. Анысы калп болуп чыгып отурат. Мен АКШнын бул айтканына да ишенбейм. Дүйнөлүк коомчулукта аброюн сактап калыш үчүн жасаган дагы бир оюну болсо керек.
«Агым» гезитинин жооптуу катчысы Төлөгөн Карыкеев да «Америка Хусейндин түгөйлөрүн кармап бүталбайт» деген пикирин айтат:

- Саддам Хусейн он жолу колго түшөт. Он жолу тең нак өзү болбойт. Азыр АКШ он түгөйүнүн бирин кармап алып эле сүйүнүп атат. Америка жөн гана ойноп атабы же жаңылыштыгыбы.... Жаңылыштыгы го дейм.

Саддам Хусейндин туткунга түшүшүнө өз жакындары себеп болду деген божомолдор бар. Британиянын «Индепендент» гезити «Саддамды экинчи аялы Самира Шахбандар сатып койду» деп жазды. Андан мурдарак АКШнын «Санди таймс» гезитине курган маегинде Саддам ага телефон чалып, кат жазып турарын билдирген. АКШ бийлиги болсо Саддам Хусейнди түркүн текшерүүдөн өткөргөндөн кийин гана накта өзү экени айкын болгонун айтып чыкты. Буга көпчүлүк да ишенгендей.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов колго түшкөн сакалчан киши Саддам Хусейн экенине ишенет. Анын айтымында, АКШ бүт дүйнөнү минтип алдаганга негиз жок. Бул пикирге «Аалам» гезитинин редактору Чолпонбек Абыкеев да кошулат. Ал «Саддам Хусейн колго түшкөнү менен Иракта абал оңолуп кетпейт» деген ойдо. Анын пикирин боюнча, Америка куралдуу күчтөрүн Ирактан алып чыгып кеткенде гана өлкөдө кырдаал жакшырат. «Америка киришкенин жана үстөмдүгүн токтотуп, Ирак элин өз эркине койгону оң», - дейт Ч.Абыкеев.

«Саддамдын колго түшүшү менен Багдад бир аз тынчып, жок дегенде террордук чабуулдар азаят» деген да божомолдор бар. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Асан Раимкулов Саддам Хусейнден ушуга чейин үмүтүн үзбөй отургандар, эми айла жок АКШга моюн сунат деген оюн ортого салды.

Британиялык «Дейли Телеграф» гезити Саддам Хусейндин үстүнөн сот жараяны эмки жылдын июль айында болоорун кабарлады. Иракта бийлик алмашаары менен өлүм жазасы токтотулган. Бирок, жакынкы алты ай ичинде күнөөгө баткандарды өлүм жазасына чегерүү жанданышы ыктымал деп жазат аталган гезит. Ошондон улам, Саддам Хусейн өлүм жазасына кириптер болушу ыктымал деген болжолдор бар.

XS
SM
MD
LG