Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

ТОПЧУБЕК ТУРГУНАЛИЕВ: «ГРУЗИЯДАГЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО КЫРГЫЗСТАНГА ДЕМ БЕРЕТ»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Грузиядагы президенттик шайлоого байкоочу болуп катышып келгендердин арасында «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев да болду. Ал Грузияда 28-декабрдан 9-январга чейин болуп, шайлоого байкоочу болгондон сырткары көптөгөн адамдар менен жолугуп, ал жердеги кырдаал менен кеңири таанышууга мүмкүндүк алган. Топчубек Тургуналиев Грузиядан алган таасирлери жана Кыргызстан менен Грузиянын айрым окшоштуктары тууралуу «Азаттыкка» кеңири маек куруп берди.

- Топчубек мырза, мына Грузиядан кайтып келдиңиз, «миң уккандан бир көргөн» деп, Грузиядагы президенттик шайлоонун негизги өзгөчөлүктөрү эмнеде болду?

- Грузиядагы окуя көп өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга таасири катуу тийээри, үлгү болоору, дем берээри бул - чындык. Грузиядагы шайлоонун биринчи өзгөчөлүгү - тынчтык жол менен, күч колдонбостон ишке ашканында болуп атат. Экинчи өзгөчөлүгү, Шеварднадзенин авторитардык бийлиги Грузияны ушунчалык жаман абалга жеткирген экен. Атургай, мамлекеттик бийликте тургандардын басымдуу көпчүлүгү андан жадап эл тарапка өтүп кеткен. Үчүнчү өзгөчөлүгү - ошол жүз миңдеген адамдын бири дагы коомдук тартипти бузбай, мыйзам чегинде аракет кылып, тынчтык жол менен талап кылып турганында. Төртүнчүсү - Грузияны оң жолго салабыз деген негизги оппозициялык күчтөрдүн дээрлик бардыгы биригип кеткендигинде.

- Топчубек мырза, мына Грузиядагы окуяга талдоо жасаган айрым эксперттер «Шеварднадзени жанындагы эле эң жакын адамдары сатып кетти, ал эми оппозиция Грузияда анчалык күчтүү эмес болчу» деп айтып жатышат. Буга кандай дейсиз?

- Кыяс мырза, мен мындай пикирге кошула албайм. Себеби дегенде, ошол эле Нина Буржанадзе, Михаил Саакашвили, Зураб Жваниялар Шеварднадзенин доорундагы саясий окуучулары экен. Өлкө, улут ушунчалык мүгдүрөп жаман абалда турганда, өлкөнү чукул буруп, туура жолго сала турган убакта өзүнүн окутуучусуна каршы чыгып, анын бетине айткан, бул өзү - баатырдык. Бул жерде мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы жөнүндө сөз болуп атат.

- Грузиядагы шайлоого Кыргызстандан көбүнчө оппозициянын өкүлдөрү барып, байкоочу болуп катышып келдиңиздер, оппозиция Грузиядан эмнени үйрөндү?

- Биринчиден, оппозиция деген Грузияда да, Кыргызстанда да эки-үч түрлүү. Эң негизги Грузияда оппозициялык күч - Шеварднадзенин авторитардык бийлигинен жадаган миллиондогон карапайым эл болуптур. Жакырлыктан, казынаны тоногондон жадаган, бөлүп-жарып кетебиз деген тымызын аракеттерден жадаган элдин толкуну өлкөдөгү системанын кулашына алып келиптир. Экинчиси - уюшкан оппозиция, ал эң оболу жүз миңден ашык мүчөсү бар Улуттук кыймыл, анын башында Саакашвили, Буржанадзе сыяктуу демократтар турат. Ал эми Кыргызстанда болсо мен айткандардын биринчиси бар. Анткени, элдин басымдуу бөлүгү азыркы бийликти эбактан бери жактырбай келатат. Бирок басымдуу көпчүлүктүн ичинде бул бийликтен коркпой, ачык чыга тургандар аз болуп атат. Үчүнчүсү, оппозиция деген атка жамынып, өздөрүнүн тар кызыкчылыгы үчүн сатып кеткендер ал жакта да бар экен. Оппозициянын атын жамынган саткынчыл саясатчылар Кыргызстанда да көп.

- Топчубек мырза, сиз жогоруда айттыңыз, Шеварднадзенин айланасындагы бийлик адамдары өзүнүн атуулдук парзын аткарып, өлкөнү кыйроодон сактап калыш үчүн, канчалык ачуу болсо да мамлекет башчысына чындыкты айтып, эл тарапка өтүп кетиптир деп. Мына бүгүнкү күндө Кыргызстанда да Грузиядагыдай президентке чындыкты түз айтып, эл тарапка өтүп, элдин таламын талаша турган Саакашвили сыяктуу саясатчылар барбы?

- Кыяс мырза, сенин айтканыңа мен мындай деп жооп берет элем. Мен сенин саясатың менен макул эмесмин деп "Вечерний Бишкек" гезитине өзүнүн арызын жарыялап туруп Феликс Кулов отставкага кетпедиби. Ошонун айынан ал ушул күнгө чейин түрмөдө отурат. Эми тиги бийликтегилер жөнүндө айталы, Аксы алааматынын учурунда мен өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен уктум. Эч качан андан мурун мени менен, Бекназаров менен жана башка биздин кыймылдын жетекчилери менен сүйлөшпөгөн, Акаевдин эң жакын эки-үч адамы бизге келип сүйлөшө баштаган. Мүмкүн азыр да бардыр. Биз өз элибиздин алдында шерменде боло албайбыз дегендер бар. Мен четин чыгарып айтып коёюн, айрымдары биз менен байланыш түзгөнгө дагы даяр экен.

- Топчубек мырза, сиздер Грузияда кимдер менен жолугуп, кимдер менен сүйлөштүңүздөр. Грузиядагы президенттик шайлоо чын эле адилеттүү өттүбү?

- Мен шайлоого чейинки даярдыкты көрдүм, шайлоодон кийинки элди көрдүм. Мен эртеден-кечке көпчүлүк учурда, жөө басып жүрүп, Грузия коомунун түркүн-түркүн катмарынын адамдары менен жолуктум. Анын ичинде окумуштуулар менен, жазуучулар менен дагы, албетте журналисттер менен дагы, айдоочулар менен дагы сүйлөштүм. Кыскасы, Грузияда 4-январда өткөн президенттик шайлоону мурдагыларга караганда демократия тарапка карай алга бир чоң кадам жасалды деп бааласак болот. Бул - биринчиден. Экинчиси, шайлоо учурунда элдин баасымдуу көпчүлүгү өз ыктыяры менен келип, добуш берди. Үчүнчүсү, ошол Саакашвили, Буржанадзе, Жваниялар башында турган негизги күчтөр жанагыдай бурмалоо, фальсификация болбосун деп көзөмөл кылып турушту. Анан өзгөчө айта турган нерсе - урналардын бардыгы ачык, айнектен жасалып, көрүнүп турат. Ал ортого коюлуп, байкоочулар көз салып, артыкбаш кыймыл жасоого мүмкүндүк болбойт. Анын үстүнө бюллетендердин бүт баардыгы номурланган. Ар бир шайлоочунун оң колунун баш бармагына өзгөчө суюктукту куюп, экинчи жолу добуш берем десе, ал дароо билинип калат экен. Дагы бир нерсе - ар бир шайлоочуга бюллетенди конвертке салып туруп берип жатышты. Мен өз көзүм менен көрдүм, сүрөткө да тартып келдим. Өтө чоң, өтө жаман фальсификация болгон жок. Жыйынтыктап айтканда, Грузиядагы президенттик шайлоо алгачкы жолу чыныгы демократиялык маанайда өттү. Менимче, Кыргызстанда дагы ошондой адилеттүү шайлоого биз жетишибиз керек.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG