Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

АКШ: СЕНАТОР КЕННЕДИ ПРЕЗИДЕНТ БУШТУ ИРАКТАГЫ СОГУШТАН САЯСИЙ ПАЙДА ТАБУУНУ КӨЗДӨГӨНҮ ҮЧҮН АЙЫПТАДЫ


Эшматов Улан, Прага Кошмо Штаттарында быйыл шайлоо жылы. Бийликтеги республикачылардын саясий атаандашы – демократтар ирак маселесинде президент Жорж Бушту мурда да сынга алып келишкен эле. Шайлоо кампаниясы андай сын–пикирлердин айтылышын күчөткөнсүдү. Шаршембиде Конгресстеги демократтардын ардагери, АКШнын кезинде киши колдуу болгон президенти Жонн Кеннединин иниси Эдвард Кеннеди президент Бушту Ирактагы согушка саясий пайда табуу максатында гана барганы үчүн айыптады.

Конгресстеги демократтардын ардагери Эдвард Кеннединин сөздөрүн баяндамачылар президент Жорж Буштун дарегине айтылган катаал сын катары баалашты. Ошондой эле баяндамачылардын баамында, сенаторлукка 1962-жылдан тарта Массачусетс штатынан шайланып келе жаткан Эдвард Кеннединин сөздөрүнүн да саясий жүйөөсү бар. Ал муну менен Демократиялык партиянын президентикке талапкерлерине Бушту сындоодо тонду басаңдатпоонун үлгүсүн көргөзүүдө. Кеннеди шаршембиде «Американын прогресси үчүн» деп аталган изилдөө борборунда сүйлөгөн учурунда Ирактагы согуш президент Буштун 2002- жылдагы жана быйыл ноябрда өтүүчү президенттик, губернаторлук шайлоолордо республикачылардын жеңишин камсыздоодогу "саясий товары" экенин белгиледи.

Буштун администрациясынын быйыл жайында бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүнү караган планы да ноябрдагы шайлоону эсепке алган кадам. Ирак согушуна баруунун башкы себеби - Саддам Хусейндин режими чын эле массалык кыргын салуучу куралдарга ээлик кылганбы, же аларды алуу мүмкүнчүлүгүнө гана ээ болгонбу деген суроого президент Буш эмне деп жооп бергенине токтолгон Кеннеди мындай деди:

- Президент Буш «мында эмне айырмачылык?» деп жооп берди. Айырмачылык, урматтуу президент, сиз согушка барган барбаганыңызда. АКШнын бир да президенти өлкөнү согушка ынындыруу үчүн туура эмес идеологияга, чындыкты бурмалоого жол бербеши керек. Муну менен президент өкмөт жана элдин ортосундагы ишеним жөнүндөгү негизги милдеттенмени бузду. Эгер Конгресс жана АКШнын эли бүткүл чындыкты билгенде, Америка согушка эч качан бармак эмес.

Кеннединин пикиринде, президент 2001-жылдагы 11-сентябрь окуясынын америкалыктарга тийгизген таасирин да калкты чаташтыруу, Ирактагы согушту актоо үчүн колдонгон жана анын сөздөрү АКШнын тышкы саясатындагы эң ири ката катары эсептелиши керек.

Кеннединин айтымында, Буштун администрациясынын Ирак боюнча согуш алдындагы аныктамаларынын бири да, анын ичинде массалык кыргын салуучу куралдар, Саддам Хусейндин "ал-Каиданын" анабашы Усама бин–Ладен менен байланышы бардыгы тууралуу тыянагы да азырынча чындыкка айлана элек.
Натыйжада негизги көңүл Иракка бурулган кезде, бин–Ладен жана анын террордук түйүнү өз күчүн кайра топтоштура алды:

- Согуш дүйнөдө, өзгөчө ислам дүйнөсүндө Американы жек көрүндү кылды. Биздин адамдардын бул жерде да, сыртта да кол салууга кабылуу коркунучун күчөттү.

Кеннеди, ошондой эле, АКШнын мурдагы каржы министри Пол О'Нилдин сөздөрүн кубаттады. Ал апта башында жарык көргөн китебинде Буштун администрациясы Ирактагы режимди өзгөртүүнү 2001-жылдын 11-сентябрындагы терракттарга чейин эле пландаганын жазган эле.

Буштун администрациясы болсо жогорудагыдай ырастоолорду төгүндөөдө Ак үйдүн маалымат катчысы Скотт МакКлеллан Кеннединин сынын комментарийлеп, Вашингтондогу басма сөз жыйынында буларга токтолду:

- Менимче, биз бөлүп көргөзүп жаткан окуя айдан ачык болгон. Дагы бир жолу эсиңиздерге салып кетким келет, дүйнө азыр коопсуз болуп калды. Себеби биз Ирактагы зулум режимди бийликтен кулатуу үчүн чара көрдүк. Биз аны ишке ашырганга чейин президент дипломатиялык мүмкүнкүчүлүктөрдүн баарын пайдаланды.

Ал эми республикачылардын Конгресстин Эл өкүлдөр палатасындагы лидери Том ДиЛэй (Tom DeLay) сенатор Эдвард Кеннединин сөздөрүн "жек көрүүчүлүктү көргөзгөн сокку" деп баалады.

XS
SM
MD
LG