Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:42

БҮГҮН ӨКМӨТТҮН ЭКОНОМИКАГА АРНАЛГАН ЖЫЙЫНЫ ӨТӨТ


Бүгүн Бишкекте кыргыз өкмөтүнүн экономикалык саясат кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Анда лицензия тууралуу мыйзамга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү, улуттук банк ишмердиги, жашыруун маалыматтарды коргоо сындуу орчундуу маселелер талкууланат.

Кыргызстандын өкмөт башчысынын пресс-катчысы Курманбек Раматовдун айтуусунда:

- Кеңешмеде Кыргызстандагы банк тармагын тезирээк өнүктүрүү жөнүндө талкуу жүрөт.

Экономикалык саясат кеңешинин кезектеги жыйынында лицензия тууралуу мыйзамга айрым өзгөртүүлөрдү, тактап айтканда, тамеки продукциясын лицензиялоо маселеси, ошондой эле жашыруун сырды сактоо, коргоо министрлиги системасына айыл чарба продукцияларын сатып алуу проблемасы талкууланмакчы. Кыйладан бери өкмөттүн көңүлүн өйүп келаткан маселе иралды атамекен өндүрүшчүлөрүнүн кызыкчылыгын эсепке алууга байланыштуу. Ушу тапта жайма базарларды каптап кеткен чет элдик тамекилердин көбү жашыруун жол менен ташылып келинет.

Улуттук товар өндүрүүчүлөргө байланышкан дагы бир маселе аскер кызматкерлерин азык-түлүк, кийим-кече менен жабдуу. Коргоо министрлиги жергиликтүү өндүрүшчүлөр чыгарган товарларды сатып алышы керек экендиги өкмөттүк жыйындарда көп эле айтылат. “Анткен менен бул жаатта деле биртоп маселелер бар” дешет айрым талдоочулар.

XS
SM
MD
LG