Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

Говард Дин АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнөн чыгып кетти


Говард Дин кечээ күнү Америка Кошмо Штаттарындагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө мындан ары катышуудан баш тартты. Акыркы бир нече аптада Демократиялык партия өткөргөн 17 алдын ала сыноонун биринде да ал уткан жок жана көз карандысыз талапкер болуп көрсөтүлүүгө да каршы чыкты: "Мен үчүнчү партиядан же көз карандысыз талапкер болуп дагы шайлоого катышпайм жана өзүмдүн жактоочуларымды башка талапкерлерди колдоодон тартынбоого чакырам. Негизги максат - ноябрдагы шайлоодо Жорж Бушту жеңиш керек". 18-февралда Висконсин шататында өткөрүлгөн сыноодо Жон Керри утуп чыкты, Дин үчүнчү орунда калды. Демократиялык партия өткөргөн 17 сыноонун он бешинде Керри утту жана эми дагы он сыноодон кийин партиянын атынан көрсөтүлө турган талапкер аныкталат.

XS
SM
MD
LG