Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

ЖУМУШСУЗДАР ЖУРТУНУН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандын эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги калкты иш менен камсыздоо боюнча мамлекеттик саясаттын 2010-жылга чейинки Концепциясын иштеп чыкты. Ага эмгек боюнча эларалык уюм жардам берди.

Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин алдындагы калкты иш менен камсыздоо департаментинен алынган маалымат боюнча, азыр Кыргызстанда 175 миң жумушсуз адам бар. Анын 53 пайызын жаштар, 54 пайызын аялдар түзөт. Статистикалык маалыматтар боюнча, акыркы 5 жылдын ичинде калктын санынын өсүшүнө байланыштуу эмгекке жарамдуу калктын саны 15% көбөйдү. Учурда жумушсуздук боюнча жөлөк пулдун орточо көлөмү 420 сомду түзөт.

Соңку эки жылдан бери Бишкек менен Ош шаарларында, Талас, Ысыккөл, Жалалабад облустарында жумуш орундары менен камсыз кылуучу эмгек биржалары иштөөдө. Ошондой эле облус борборлорунда жумушсуздарга кеп-кеңеш берүүчү борборлор ачылды.

Эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова айтымында, министрлик тарабынан учурда жумуш орундары менен камсыз кылуу багытында төмөнкүдөй иш-чаралар жургүзүлүүдө:

- Биз жумушсуздарга жер-жерлерде бош орундарды сунуштап, орноштуруп жатабыз. Жумушсуздар үчүн жаңы адистиктер боюнча окуу курстарын уюштуруп жатабыз. Жумушсуздардын бир бөлүгүнө микрокредиттерди берүү ишин да жүргүзүп жатабыз. Жер-жерлерде бизнес-инкубаторлор түзүлүүдө.

Роза Акназарованын маалыматы боюнча, министрликтин алдындагы эмгек департаменти тарабынан жылына 30 миңге жакын адам иш менен камсыздалат.

1998-жылы республикада калкты жумуш менен камсыздоонун саясатын аныктаган улуттук программа кабыл алынган. Анда бардык облустардын жана райондордун администрацияларына жер-жерлерде жумуш орундарын түзүү багытында иш-чараларды жүргүзүү тапшырылган. Бирок, өлкөдөгү министрликтер менен мекемелер бул маселени чечүүгө тартылган эмес.

Ал эми калкты жумуш менен камсыздоо саясаты боюнча эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги эл аралык уюмдардын катышуусу менен бирдикте иштеп чыккан концепцияда бул маселени чечүүгө өлкөдөгү бир катар министрликтер менен мекемелерди тартуу белгиленди. Бул жөнүндө Роза Акназарова мындай дейт:

- Бул Концепцияда биздин министрлик гана эмес башка министрликтер да жумушсуздук маселесин чечүү үчүн кандай иш-чараларды жүргүзүшү керектигин көрсөтүп атабыз. Мисалы, айыл чарба тармагын алалы. Биз бул тармакта жер реформасын мындан ары өнүктүрүп, кооперативдерди түзүү керек деп жатабыз. Ошондой эле бул тармакта кайра иштетүүнү өнүктүрүү багыты белгиленди. Андан башка тармактарга да жумуш орундарын түзүү боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлүшү керектигин белгиледик.

Концепцияда жумуш орундарын камсыз кылуу боюнча өнөр жай, тоо-кен, туризм, тейлөө, билим берүү тармактарында жүргүзүлө турган иш-чаралар белгиленген. Бул документке ылайык, алдыдагы он жылдын ичинде өлкөдө жумуш орундары негизинен менчиктештирүүнүн жана экономика тармагындагы атаандаштыкты өнүктүрүүнүн эсебинен түзүлөт. Концепцияда 2010-жылга чейин жылына Кыргызстанда 118 миң адам жумуш менен камсыздалат деп каралган.

Ал эми социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Уларбек Матеевдин пикиринде, менчиктештирүү жана атаандаштык жаңы жумуш орундарды түзөт деп болжолдоо туура эмес:

- Менин пикиримде, менчиктештирүү жана атаандаштык жаңы жумуш орундарды түзөт деген өтө чоң оптимисттик көз караш. Тескерисинче, башка мамлекеттерде менчиктештирүү жумуш орундарынын кыскарышына алып келди.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Равшан Жээнбеков да менчиктеширүү жараяндары жаңы жумуш орундарын түзбөйт деген ойдо:

- Менчиктештирүү жумуш орундарын түзөт деп айтканыбыз туура болбойт. Менчиктештирүүнүн максаты - жумуш орундарын түзүү эмес. Менчиктештирүү тескерисинче, жумуш орундарын кыскартат, жаңы жумуш орундарын түзбөйт.

Соңку мезгилде жумушсуздук өлкөдөгү ички жана сырткы миграциялык жараяндарды да күчөттү. Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө кичи шаарлардын жаштарынын негизги бөлүгү Бишкекте же болбосо Орусия менен Казакстандын базарларында соодагерлик менен алектенишүүдө. Республикадагы миграция боюнча департаментинин маалыматтарына ылайык учурда Орусияда 300 миңден ашуун, Казакстанда 120 миңге жакын кыргызстандыктар эмгектенишүүдө. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча, Орусияда иштеген кыргыз атуулдарынын саны 500 миңге чейин жетет.

Калкты иш менен камсыздоо боюнча мамлекеттик саясаттын 2010-жылга чейинки концепциясы өкмөт тарабынан кабыл алынгандан кийин анын негизинде калкты жумуш менен камсыздоо боюнча улуттук программа иштелип чыгат.
XS
SM
MD
LG