Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:30

КӨК ПАСПОРТТУН КӨЙГӨЙҮ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Соңку мезгилде эларалык уюмдар жана АКШ өңдүү чет мамлекеттер жасалма кыргыз паспорттору эларалык террорчулардын колунан чыгып атканына тынчсызданышууда. Кыргызстанда соңку жылдары 358 паспорттун жаңы нускасы дайынсыз жоголгон.

АКШ бийлиги бул тууралуу ырасмий билдирүү жасаган жок, бирок буга чейин кыргыз паспорту тууралуу сөз козгогон учурлар болгон. Ырасмий Вашингтон учурда кыргыз паспортун жаңылап алмаштыруу боюнча программага колдоо көрсөтүүдө. Анысын Кыргызстандын паспортун жасаш оңой болуп атканы жана эларалык террористтер дал ушу көк паспортту пайдаланган убак көп учурап атканы менен түшүндүрүшөт. Миграция боюнча эларалык уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Каколи Рэй "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында да ушундай ойду айткан. Каколи Рэйдин айтымында, эларалык террористтер башканы эмес дал кыргыз паспортун алганга ашыгышат, себеби кыргыз паспортунун корголуу сапаты төмөн.

"Дордой" базарындагы 2002-жылдын декабрындагы жана былтыркы Оштогу жардырууларды жасаган террорчу топтун колунан да кыргыз паспорттору чыккан. Бул ишти тергеген УКМдин тергөөчүсү Медетбек Талиев билдиргенге караганда, Өзбекстан ислам кыймылынын беш мүчөсү тең кыргыз паспортун алып жүрүшкөн. Кытайлык Турсун Туохети бул террорчу топту жасалма паспорт менен жабдуу милдетин аркалаган. Былтыр декабрда "Манас" аба майданында колго түшкөн 3 кытайлык атуул же орусча сүйлөй албайт же кыргызча билбейт. Кыргыз паспортторунда жазылган аттарын да жакшы жаттай элегинде кармалышкан. Ал эми республиканын чегара кызматы Ооганстандын эки атуулун кармаган. Алар ар бир паспортту 1000 доллардан сатып алганын моюнга алышкан.

Президенттик администрациянын башчысынын орун басары Болот Жанузаковдун ою боюнча, айрым атуулдар өз паспортун өзү саткан да учурлар бар. Бирок анын ою боюнча, көпчүлүк мамлекеттерде ушундай көйгөйлөр бар:

- Ар бир мамлекет ушундай окуялардан кур эмес. Эми кылмышкерлер жасалма паспорт сатып алып же бирөөнүкүн уурдап алып өзүнүн сүрөтүн чаптаганга аракет кылат экен. Мындай фактылар бизде жок деп айта албайм. Ошондуктан паспортту жасаганга жол бербеш үчүн жаңы паспорттордун коргонуу белгилерин күчөтүп, эларалык стандартта жогорку сапатта жасашыбыз керек.

Айрым байкоочулардын пикиринде, паспорттук кызматтын өзүндөгү башаламандык жана кызматкерлердин жоопкерсиздиги кырдаалды ого бетер курчутууда. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун пикиринде, Кыргызстанда паспорттор кадыресе товар өңдүү сатылып калды. Анын пикири боюнча, паспорт саткан же сатып алган окуя боюнча бир да жолу кимдир-бирөө жазаланган учур боло элек. Кыргыз парламенти бир учурда паспорттук кызматты милициядан ажыратуу маселесин козгогон. Депутаттын оюнда, деги эле паспорттук кызматтын өзүнө тартип орнотчу убак эчак келген.

Быйылкы жайдан баштап жаңы паспорттор турмушка кирет. Маалымат булактары жана технологиялары агенттигинин башчысы Юрий Лысогоров билдиргенге караганда эмки кыргыз паспорту пластикадан жасалып, ар бир кишинин жеке коду болмокчу. "Мындай паспортту жасаш мүмкүн эмес" дешет адистер. Анын үстүнө чет мамлекетке чыгыш үчүн өзүнчө паспорт чыгарылганы турат.

Кыргызстанда жеке атуулдук документ экөө болгону калды. Атуулдук күбөлүк мамлекет ичинде гана жарайт, ал эми чет өлкөгө сапар тартчулар атайын чет мамлекет үчүн паспорт алышы керек. Учурда Кыргызстанда 242 миң адам советтик паспорт менен жүрөт. Ал эми жашы толгон 116 миң атуулга паспорттун ордуна аты-жөнү, жашаган жери жазылган бир барак кагаз карматышууда. Кыргыз паспорту Кыргызстандын атуулдары үчүн тартыш болуп, бирок чет жактан келген шектүү адамдардын колуна тийип аткан учурда эларалык байкоочулардын тынчсыздануусу жөндүү дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG