Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:32

Freedom House Орусияда "жагымсыз" уюм деп жарыяланды


Freedom House уюмунун 2024-жылкы отчету
Freedom House уюмунун 2024-жылкы отчету

Орусиянын Башкы прокуратурасы америкалык Freedom House укук коргоо уюмун "жагымсыз" деп тапты.

Башкы көзөмөл органы уюмдун ишмердүүлүгү "дүйнөдө АКШнын "үстөмдүк" кылган ролун орнотууга көмөк көрсөтүүгө" жана "орус-украин жаңжалына байланыштуу дос эмес мамлекеттердин саясатын, анын ичинде орус армиясын "жаманатты кылууну" сүрөөнгө алууга" багытталган деп эсептейт.

Башкы прокуратура уюмду Украинага жардам көрсөтүүгө, орус активдерин Киевдин пайдасына конфискациялоо, Орусияга каршы санкциялык басымды күчөтүү жана “Москваны колдогону үчүн” үчүнчү өлкөлөрдү "кара тизмеге" киргизүүгө чакырган деп айыптады.

"Уюм орусиялык оппозициялык түзүмдөргө, батышчыл жана ЛГБТ активисттерге, террордук кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга маалыматтык, каржылык жана юридикалык колдоо көрсөтөт", - деп санайт Орусиянын прокуратурасы.

Freedom House бейөкмөт уюму 1941-жылы негизделген. Ал дүйнө өлкөлөрүндө демократияны бекемдөө жана адам укуктарын коргоо аракеттерин колдойт.

"Биз өз өлкөлөрүндө демократиялык өзгөрүүлөр үчүн күрөштү жетектеген активисттердин жана укук коргоочулардын кеңири, ишенимдүү тармагын колдойбуз. Ошол эр жүрөк адамдар активдүүлүгү, журналистикасы же зулумчулдукка туруштук бергени үчүн куугунтукка кабылганда, алар маанилүү ишин уланта алсын деп, коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аракет көрөбүз", - деп айтылат уюмдун сайтында.

Freedom House жыл сайын дүйнө жүзүндө саясий жана жарандык эркиндиктердин абалына арналган баяндама чыгарып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG