Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Берлинде 8-9-майда Орусиянын желектерине, Георгий тасмаларына тыюу салынды


Германиядагы орусиялыктар. 9-май, 2015-жыл
Германиядагы орусиялыктар. 9-май, 2015-жыл

Берлинде 8-9-май күндөрү Орусиянын желектерин, Георгий тасмаларын, Москванын Украинага каршы согушун даңазалаган символдорду калың эл алдына алып чыгууга, советтик эстеликтердин жанында согуш ырларын аткарууга тыюу салынды. Бул тууралуу полициянын көрсөтмөсүнө шилтеме берип, Deutsche Welle кабарлады.

Мындай чектөө Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине, дипломаттарга жана чет мамлекеттердин башка өкүлдөрүнө тиешеси жок.

Орусиянын Германиядагы элчилиги башкалаа бийлигинин чечимин кабыл алынгыс деп атап, аны жокко чыгарууга үндөдү.

Москва Украинага басып кирген 2022-жылдын февралынан бери Киев гана эмес Европа өлкөлөрү да орус агрессиясын колдоону кылмышка теңеп калышты. Германияда кол салууну актоо, Z тамгасын согуш контекстинде коомдук жайларда колдонуу аракети үчүн кылмыш жообуна тартуу каралган.

Латвияда орус согуштук символикасын тартуулагандар айып пулга жыгылышы мүмкүн. Литвада Орусиянын Украинага каршы агрессиясын “эл аралык кылмыштарды жактыруу” беренесине теңешкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG