Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Кремль Зеленскийди өлтүрүү кутумуна аралашкан деген Киевдин айыптоосун четке какты


Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков

Кремлдин басма сөз катчысы украин атайын кызматынын 7-майдагы билдирүүсүн комментарийлөөдөн баш тартты. Рейтер агенттигинин жазганына караганда, Дмитрий Песков жөн гана "бул айыптоо - анык эмес маалымат" деп койду.

Украин чалгынчылары президент Владимир Зеленскийдин көзүн тазалоо кутумунун бетин ачышканын, ага Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) аралашканын билдиришкен. Коопсуздук кызматы беш агентти аныкташканын, Украинанын Мамлекеттик күзөт башкармалыгынын эки полковниги колго түшүрүлгөнүн маалымдаган.

Маалыматка ылайык, алар Путиндин инаугурациясына "белек" катары Зеленскийди, Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюкту, Башкы чалгын башкармалыгынын башчысы Кирилл Будановду да жок кылууну пландашкан, көзөмөлдү Москвадан жүргүзүп турушкан, кармалган эки украин жараны Орусияга купуя маалыматтарды берип турушкан.

Мунун алдында, 4-майда Орусиянын Ички иштер министрлиги Владимир Зеленскийге жана Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенкого издөө жарыялаган.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Зеленскийге издөө жарыяланышын "көңүл бурдуруу үчүн айла кеткенде ойлоп табылган жаңылык" деген өңүттө комментарийледи. Ошондой эле Киев орус президенти Владимир Путинди эл аралык коомчулук айыптап, Гаага соту аны камакка алууга ордер чыгарганын эске салды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG