Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Улан Эшматов, Прага шаары Бул күндөрү Бээжинде Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын кезектеги сессиясы өтүп жатат. Анын учурунда өлкө Конституциясына Кытайда коммунисттик түзүлүш орногондон бери алгачкы жолу атуулдардын жеке менчикке укугун кепилдеген өзгөртүү киргизилмекчи. Парламент сессиясынын ишембидеги отурумунда болсо Кытай быйыл коргонуу тармагына бөлүнүүчү каражатты бир кыйла көбөйтөөрү жарыяланды. Кошумча каражат, ошондой эле, дыйкандардын муктаждыктары үчүн да ажыратылат.

Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйыны өзүнүн 10 күнгө созулуучу сессиясына жылына бир ирээт чогулат. Анда салтка айлангандай, өкмөттүн саясий жана башка чечимдери расмий түрдө жактырылат. Парламенттин быйылкы сессиясы өз ишин 5-мартта баштаган эле. Өлкөнүн каржы министри Цзинь Жэньцин сессиянын ишемби күнкү отурумунда 2004-жылдын бюджетине байланыштуу баяндама жасаган учурунда быйыл коргонуу тармагына ажыратылчы каражат 2,6 миллиард долларга көбөйтүлөөрүн жарыялады:

- Коргонуу тармагынын сарптоосу эки миллиард алты жүз миллион долларга, былтыркы жылдагыга салыштырмалуу 11,6%га жогорулайт. Бул каражат армиянын азыркы шарттарга ылайык күжүрмөн даярдыгын чыңдоо, аскер кызматчылардын эмгек акысы менен отставкага кеткендердин пенсиясын көбөйтүү үчүн зарыл.

Кытайдын каржы министринин айтымында, быйыл аскерий тармактын муктаждыктары үчүн жалпысынан 25 миллиард доллар жумшалмакчы. Кытай саны жагынан алганда дүйнөдөгү эң ири армияга ээ. Өлкөдө 2,5 миллион жоокер бар. Бирок акыркы жылдары Кытай аскер күчтөрүн модернизациялап, башка өлкөлөрдөгүдөй саны азыраак, бирок натыйжалуу (эффективдүү) армияга ээ болуунун үстүндө иштеп жатат.

Коргонуу тармагын каржылоо көбөйтүүлөрү жөнүндөгү жарыя Кытайдын айрым коңшуларын, маселен, Тайвань менен Жапониянын тынчызданууларын жаратты. УчурдаТайвань менен Кытайдын мамлеси өзгөчө курчуп турган кез. Бээжин өзүнүн ажырагыс бөлүгү катары эсептелген Тайванда эки аптадан кийин президенттик шайлоо жана жалпы элдик референдум өтөт.

Тайвандын азыркы президенти Чен Шуйбяндын демилгесине ылайык өтүүчү референдум коопсуздук маселесине байланышкан. Тайвандыктар «Кытайдын аларды көздөй мээленген ракеталарынан улам аралдын коргоонуу мүмкүнчүлүгүн чыңдоо керекпи?» деген суроого жооп бериши керек.

Кытай бийликтери Тайванда мындай референдумдун өткөрүлүп жатышын "провакация" катары баалап, бир нече ирээт сынга алган болчу. Өлкөнүн тышкы иштер министри Ли Чжаоцинь парламент сессиясынын алкагында сейрек өтүүчү басма сөз жыйындарынын биринде кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, "Тайванды Кытайдан бөлүп кетүүгө эч кимге жол берилбей тургандыгын" дагы бир жолу кайталады. Ал белгилегендей, улуттук биримдикти сактоо Кытайдын негизги максаттарынын бири.

Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын азыркы сессиясында аскерий тармакты каржылоо көбөйтүлөөрүнөн башка, байлар менен кедейлер ортосундагы ажырымды жоюуга багытталган иш чаралар жүргүзүүлөөрү да жарыяланды. Адистердин айтымында, ошондой эле изилдөөлөр көргөзгөндөй, Кытайдын экономикасы өсүп жатканы менен, шаар жана айыл калкынын кирешелериндеги айырма олуттуу бойдон кала берүүдө.

Каржы министри Цзинь Жэньцинь сессияда сүйлөгөн учурда бул жаатта жүргүзүлүүчү иш чаралар тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

- Биз узак убакытка дыйкандардын кирешесин жана айыл чарба тармагын колдоо үчүн ажыратылуучу бюджеттик каражаттарды көбөйтүүнү кепилдей турган механизм орнотушубуз керек. Бул - биздин каржылык ишибиздин маанилүү бөлүгү. Бул маселелерди чечүү үчүн быйыл борбордук бюджеттен бөлүнүүчү инвестиция бир топко көбөйтүлдү.

Бирок "Рейтер" агенттигинин Бээжиндеги кабарчысынын жазганына караганда, айрым жергиликтүү эксперттер бюджетте дыйкандар үчүн каралган каражат айыл жерлеринде жашаган 800 миллиондой адамдын жан башына бөлө келгенде анчалык деле көп эмес деп эсептешет.

Дыйкандардын жашоо шартынын жакшырышына өкмөт жардам берээрин парламент сессиясынын ачылышында сүйлөгөн учурда премьер- министри Вен Цзябао да убада кылган эле. Анын айтымында, быйыл кытай экономикасы 7%га өсөөрү күтүлүүдө. Ал эми былтыр өлкөнүн улуттук дүң өндүрүшү 9,1%га жогорулаган болчу.
XS
SM
MD
LG