Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:01

Айзаданын өлүмү: Сот Бишкек шаардык милициясынын мурдагы башчысын актады


Канатбекованын өлүмүнөн кийин кыз-келиндерге зомбулукту токтотуу талабы коюлган бир нече акция өткөн.
Канатбекованын өлүмүнөн кийин кыз-келиндерге зомбулукту токтотуу талабы коюлган бир нече акция өткөн.

Бишкектин Биринчи май районук соту уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, шалаакылыкка айыпталган Бакыт Матмусаевдин иши боюнча чечим чыгарып, аны актады. Бул тууралуу маркумдун жакындарынын адвокаттарынын бири Нурбек Токтакунов Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

Анын билдиришинче, соттук отурум 8-майда өттү. Чечимди судья Чолпонай Уметалиева чыгарган.

Токтакунов билдиргендей, соттук отурумдарга катышкан күбөлөр, мурдагы милиция кызматкерлери “Матмусаев калаанын милиция жетекчиси болуп туруп, Канатбекова уурдалганы белгилүү болгон соң “Колго түшүрүү” (“Перехват”) планын дароо жарыялаган эмес” деп айтып беришкен. Сот “мындай чечим кылууга далил болгон эмес” деп тапкан.

Биринчи май районук сотунун басма сөз кызматы бул боюнча комментарий бере элек.

Мурдагы отурумдарда Бакыт Матмусаев өзүнө коюлган айыптарды төгүндөгөн.

2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Кыздын өлүмүнө байланыштуу иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн-өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми аны уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.

Кызды көчөдө кетип бараткан жеринен кармап, уурдап кетишкен окуянын видеосу жарыяланганына карабастан аны эки күн таба албай коюшкандан кийин коомчулукта милициянын дарегине кескин сын айтылган. Ондогон милиция кызматкерине "шалаакылык" деген берене менен иш козголгон. ИИМ 12 кызматкер иштен алынганын, 27сине эскертүү берилгенин жана бешөөнө сөгүш жарыяланганын маалымдаган.

Бишкек шаардык милициясын ошол кезде жетектеп турган Бакыт Матмусаев кызматтан алынган. Кийин ал ички иштер министри Улан Ниязбековго кеңешчи болгону айтылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG