Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Москвада Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйыны жыйынтыкталды


ЕАЭБге мүчө жана байкоочу мамлекеттердин лидерлери жана Евразия Экономикалык Комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы. Москва, Орусия. 8-май, 2024-жыл.
ЕАЭБге мүчө жана байкоочу мамлекеттердин лидерлери жана Евразия Экономикалык Комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы. Москва, Орусия. 8-май, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын Москва шаарында 8-майда Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимге кол коюлган күндүн он жылдыгына арналган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышты.

Кремлдин Чоң сарайында ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйыны башталаар алдында иш-чарага келген делегация башчыларын Орусиянын президенти Владимир Путин тосуп алды.

Тар курамдагы сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Путинди мүчө мамлекеттердин делегация башчылары жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары менен сүрөткө түшүү аземи болду.

Андан соң ЖЕЭК жыйыны Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын төрагалыгы астында, Беларустун президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин катышуусунда кеңейтилген форматта улантылды. Ошондой эле ЕАЭБдин байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катары Кубанын президенти Мигель Диас-Канель жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдер да сөз сүйлөштү.

Отурумдун жүрүшүндө мамлекет башчылары Биримдиктин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги милдеттерин жана багыттарын талкуулашты. Садыр Жапаров ЕАЭБ “10 жыл ичинде мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуулугу жана алардын жарандарынын бакубаттуулугунун өсүшү үчүн экономикалык интеграцияны колдоого жана өнүктүрүүгө жөндөмдүү негизги аймактык бирикмелердин бирине айланганын” айтты.

ЖЕЭКтин мааракелик жыйынынын жыйынтыгында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ алкагында интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдерге жана документтерге кол коюлду.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт багытта эркиндик берилерин жарыялаган. Алар: жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү. Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар. Бул аралыкта уюмдагы өлкөлөр, анын ичинен Кыргызстан аталган принциптердин сакталбай жатканына байланыштуу өнөктөштөрүнө бир нече ирет доомат артышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG