Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары биргелешкен билдирүү таратты


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт. 2021-жылдын май айындагы жаңжалдан кийин тартылган. Кыргыз жоокери Баткендеги чек ара аймагында турат.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт. 2021-жылдын май айындагы жаңжалдан кийин тартылган. Кыргыз жоокери Баткендеги чек ара аймагында турат.

Кыргызстандын Баткен облусу боюнча жана Тажикстандын Согд облусу боюнча чек ара өкүлчүлүктөрү 8-майда биргелешкен билдирүү таратты.

Анда шаршемби күнү эки облустун күч жана укук коргоо түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Кыргызстандын Лейлек, Тажикстандын Жаббор Расулов районунун жетекчилери жолугушканы айтылат.

Чек ара кызматы кабарлагандай, жолугушууда чектеш аймактагы чатактардын себептери, чек арада мал жайып жүргөн тургундардын жүрүм-туруму талкууланып, жаңжалдардын алдын алуу маселелери сүйлөшүлдү.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал колдонулган окуя болгонун маалымдаган. Маалыматка караганда, түш ченде Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети мал кайтарып жүргөн тажик жарандарын байкаганы, алар чек ара сызыгынан 250-300 метрдей кыргыз тарапка кирип кетишкени кабарланган.

Кыргыз тарап тажик жарандары эскертүүгө көңүл бурбай, аскерлерге таш ыргытып, чабандардын бири ок атканы айтылат.

"Жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын чек арачылары асманды көздөй эскертүү иретинде ок атканда, чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен", - деп билдирген Чек ара кызматы.

Тажикстандын чек ара кызматы 7-майдын кечинде "Олимжан Абдуллаев аттуу жараны ок жегенин жана ал коңшулукка доо кетирген аракетке барбаса да ага каршы курал колдонулуп, жараат алганы" тууралуу билдирүү таратты.

2021-2022-жылдары кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыштар болгон. Эки тараптан бир канча киши набыт болгон окуялар үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптаган. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат. Соңку расмий маалыматтарга ылайык 50-55 чакырымдай такталбаган тилке калды. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG