Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

АКСЫ ОКУЯСЫ: ЭКИ ЖЫЛДАН КИЙИН


Аксы окуясынан бери туура эки жыл өттү. Окуянын чоо-жайын өкмөттүк, парламенттик, аларга удаа коомдук комиссиялар иликтеп жыйынтыктарын чыгарышкан. Негизги күнөө жергиликтүү бийлик жетекчилеринде экени белгиленип, алардын бирдаары сот жообуна тартылышкан. Бирок алардын баары аз өтпөй эле мунапыс мыйзамына туш келип акталып чыгышкан. Бүгүн да 2002-жылдын 17-мартында эгемен Кыргызстан тарыхындагы кайгылуу окуяда набыт болгондор эскерилди.

Аксы окуясынын эң чоң сабагы ириде азыркы бийликтин демократиялык нарк-салтты сактоону үйрөнө электигин, жарандык коомдун баралга жете электигин көрсөткөндүгүндө болду окшойт. Коомдун чоң милдеттерди аркалап, жалпы элди жаратмандык ишке сүрөмөлөп кетиши оголе оор экенин эгемендик тушунда Кыргызстан кабылган кыйынчылыктардын текши баары түгөл аныктап келатыр.

Эркиндик менен жоопкерчиликтин эриш-аркак катышын немис акылманы И.Канттын сөзүн келтирип президент А.Акаевдин түшүндүргөнү бар:

- Балакатка жеткен эркиндик өзүн-өзү чектөөгө жарайт. Ал эми андайга жете элек эркиндик мамлекетти туңгуюкка алып барышы мүмкүн. Ага жоопкерсиз мамиле жасоонун айынан мамлекеттин өзү жок болуп кетиши деле ыктымал.

Аксы эли Кыргызстандагы демократиялык жаңылануулардын сөз менен иш жүзүндө кандай жүрүп жатканын кашкайта көрсөткөн окуяга күбө болду. Каргашанын изи сууй электе өкмөттүк, парламенттик, коомдук комиссиялар иштеди. Өкмөттүк комиссия жергиликтүү бийлик жетекчилери, ички иштер кызматкерлери жагдайга жараша иш жүргүзө албагандыгын айтып, айыпты бийликтин төмөнкү баскычында тургандарга жүктөдү. Комиссиялар иштеп жаткан кезинде башталган тергөө аяктап, биртоп адамдар сот жообуна тартылып, бирок жаңы мунапыс мыйзамына ылайык акталып чыгышты. Бирок буга нааразы болгондор бир нече ирет Бишкекке жөө жүрүш, жөн жүрүш уюштурушуп, Аксы окуясына күнөлүүлөр жазасыз калганын айтып келатышат. Аны өткөн жылдын 16-майында Акүйдүн алдына нааразылык билдирүүгө келишкен аксылык энелер кыймылынын жетекчиси Дилбара Момукулова мындайча билдирген:

- Курман болгондор кимдердин колунан жан таслим болду? Аларды жоопкерчиликке тартпасаңар биз - курман болгондордун энелери Акүйдүн алдына барып, акыйкат орногончо өмүр бою айтып отурабыз деген талаптарды коюшкан.

Аксы окуясы парламентте бир нече ирет талкууланды. Депутат Дооронбек Садырбаевдин айтуусунда, азыр элдин бийликке ишенбей калышынын бир себеби Аксыдагы каргашалуу окуяга байланыштуу:

- Өз жарандарына ок чыгарып кылымдын каргышына калган бул “кара так” – барыбыздын кылымдардан кылымдарга калчу күнөөбүз.

Аксы окуясын иликтеген коомдук комиссиянын мүчөсү, журналист Бермет Букашева каргашага күбө болгон адамдар мындай окуяга ишенбей жүрүшкөнүн мисалга тартат:

- Аксы окуясын иликтеген чагыбызда бизди чочуткан нерсе кыргыздардын ичиндеги уруш болду. Элдин корккону да ошол экен, кандайдыр бир ырайымсыз уруш жүрүп аткандай таасир калды. Жадагалса жаш балдар менен аялдарды да аяшпаптыр. Токмок жеп, кыйноого алынгандардын арасында 25 аял, каргадай төрт бала бар экенин мисалга келтирдик. 17 – 18 жаштардагы жигиттерди мыкаачылык менен кыйнагандарын, резина таяк менен уруп, буту менен тээп, колунан келишинче токмоктоп, эси оогондоруна муздак суу чачып, чарчаганынын ордуна башкасы келип, кызылдай кыйноону көрсөтүшкөндөрүн жазып алдык.

Азырынча Аксы окуясы толук териштирилип, укуктук-саясий так баасын ала элек. Аскер сотунун чечимине нааразы тараптын арызы Жогорку соттун кароосуна берилген. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны парламенттик талкуу өткөрүп, бул ишти териштирүүнү президент А.Акаевдин өзүнүн көзөмөлгө алуусу туура болорун ырастап, кайрылуу кабыл алды.

XS
SM
MD
LG