Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

АРАКЕЧТИК КЫРГЫЗСТАНДА КООМДУК ООРУГА АЙЛАНГАН…


«Коом жана турмуш» маалымат-аналитикалык уктуруубуздун кезектеги чыгарылышы жалпы коомчулукту түйшөлткөн маселелердин бири - коомго кайдыгерлик, үй-бүлөгө коогалаң жараткан, атаны баладан, энени кызынан ажыраткан араккечтикке арналат.

Жаркын Суран кызы:

Эларалык байкоочулардын баамында Кыргызстанда арак ичкендердин саны кескин көбөйдү. Ал - социалдык-экономикалык кыйын кырдаал менен тыгыз байланыштуу. Бул көрүнүш тереңдей берсе араккечтик улуттун генине олуттуу доо кетирет деген кооптонууну пайда кылууда. Айрыкча үйдүн куту болгон аялдардын эркектерден кем эмес ичип кетиши көндүм көрүнүшкө айланып бараткандай. Жаш өспүрүм улан-кыздардын ичкиликке берилген фактылары өтө эле коркунучтуудай сезилет. «Ичкилик ичип, коомдук жайларда мас абалда жүрүү 15-20 жылдай илгери таптакыр жат көрүнүш катары бааланып келсе, соңку жылдары эл арасындагы араккечтик кадыресе көрүнүшкө айланды» дешет жергиликтүү байкоочулар.

Статистикалык маалыматта кайрылсак, аракеч деп 22 315 адам каттоодо турат. Алардын 2 487си аялдар. Булардын 10 892си аракка берилгендер. Каттоодо тургандардын 2 657си баңгилер. Алардын 238и баңгизатын колдонгон аялдар болуп эсептелет. Жыйынтыгында өткөн жылга салыштырганда 2004-жылы арак ичип каттоого алынгандардын саны 1817ге көбөйгөн. Бул - ырасмий маалымат.

Ал эми байкоочулар араккечттикке кабылгандардын саны расмий маалыматтагыдан он эсеге көп дешет.

Наркологиялык борбордун адиси Элмира Исраилова менен маек курдум эле, ошону уксак:

-Элмира айым, араккечтикке жагдай түзгөн себептер деп эмнелерди эсептейсиз?

-Мен экономикалык абалды эсептейм. Бизге түшкөн атуулдардын 90 пайызы ушундай деп айтышат. Тиричиликке жарамдуу болуп туруп, жумушсуз отурсаң, бала-чакаңды ойдогудай тамак-ашын камсыздай албасаң деп сар-санаага түшүп отуруп, аракка кирип кеткенин билбей калат. Ал эми аялдар болсо үй-бүлөдөгү ар кандай зордук-зомбулуктардан улам арак ичип кеткенин айтышат.

- Аялдардын, айрыкча жаш өспүрүм улан-кыздардын аракка берилип кеткен фактылары кейиштүү?

-Аялдардын, жаш өспүрүм кыз-уландардын ичкилик менен борборго түшүп жатканын көрүп, зээниң кейибей койбойт.

- Араккечтик менен кантип күрөшсө болот?

-Колубуздан келген жардамыбызды көрсөтөбүз медициналык жактан. Каалоосу менен дарылайбыз. Каалоосу жок адамды дарылоо кыйын. Арактан арылуу үчүн ар бир ичкен атуул өзүнө өзү жардам бербесе натыйжасыз болуп чыгат. Биздин кыргыз улутуна гендик фондон алып караганда, арактан сактай турган коргогуч жок экен. Учурда жалаң эле кыргыздар арактан жабыр тартып калышты. Арак ичке киргенден кийин түп-түз эле канга сиңип, мээнин ичиндеги багыт берүүчү борборлорго таасир этет. Ичкен адам өзүн жоготуп койгону ошондон.

Жаркын Суран кызы:

- Бишкек шаарында араккечтик менен 13 563 адам каттоодо турат. Алардын басымдуу көпчүлүгү жумуш издеп элет жеринен борборду көздөй агып келгендер. Жумуштан жолу болбой калган атуулдун бир алаксыган оокаты арак болуп калганын айтат дарыгерлер. Дарылоо борборуна арактан жабыр тарткан бардык эле атуулдар өз эрки менен кайрыла бербейт. Айрым аттуу-баштуу адамдар тартынышат. Арак ичкен атуулдардын дарыланууга каражаты жок. Дарыгерлер арак ичкендердин кескин көбөйүп жатышына жумушсуздук жана арак продукцияларынын сапаты, мамлекет тарабынан көзөмөлсүз калгандыгы, жасалма ичимдиктердин кесепеттеринен да көрөт. Өз сөзүндө дарыгер «наркологиялык борборго кайрылган атуул өзүнө өзү жардам бербесе айыктыруу кыйын» деген жыйынтыкты берди.

Кээ бир атуулдар бул пикирге макул эмес. Көбүнчө акыл-эс жагынан кем, турмушка жөндөмсүз, билими тайкы адам ичкиликке берилет деген ойду айтышат. Ал эми дарыгерлердин айтымында, арак оорусуна чалдыккандардын ичинде төбөсү көрүнгөн, белгилүү коомдук ишмерлер жок эмес.

Арак ичкенди четке кагып, сергек жашоого багыт алган атуулдар да жок эмес. Аракка берилген адамдар менен жашыруун иштеген уюмдун жетекчисине телефон аркылуу кайрылганымда, аты-жөнүн атабоону өтүнүп, араккечтикти жоюу маселесинде айрым суроолорго жооп алдым.

- Жеңиш мырза, учурда эмне менен алектенип жүрөсүз?

-Мен аракеч жана баңгилердин жашыруун уюмунда иштеп жатамын. Аларга жардам берүү аркылуу өзүмө да жардам берүүдөмүн деп ойлойм. Канткенде турмуштун ар кандай кырдаалынан арак ичпей эле чыкса болот? Ушунун жолдорун аракка көз каранды адамдар чогулуп алып талкуулайбыз. Аларга өзүм мисал болуп берем.

-Жашыңыз канчада? Канча жыл ичтиңиз, ичпей койгонуңузга канча жыл болду?

- Жашым 37де. 12 жыл тынымсыз ичтим. Кээ бир убактарда жумалап, айлап көзүм ачылбай ичкен күндөрүм болду. Төрт жылдан бери оозума албайм.

- Ичкиликке кынык алган адамдын ташташы кыйын деген кептер бар. Өзүңүздүн мындан ары ичпей коюшуңузга ишене аласызбы?

- Ичип жүргөндө мен ким элем. Эч ким эмес болчумун. Ичкиликсиз жашоо бул - өзүнчө ырахат. Ал ырахаттын даамын сезгенче, албетте кыйыныраак болот.

- Жаштар арасында аракечтиктин көбөйүшү боюнча сурамжылоо жүргөнүбүздө, аракка берилүүнүн себебин жумушсуздуктан көрүшөт. Мындай пикирлерге кандай жооп айтар элеңиз?

-Мен ага таптакыр макул эмесмин. Турмушта түрдүү кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Аны арак ичпей чечсе болот. Мен жаштарды ошого чакырат элем. Жаштыктын өзү бакыт, өзү ырахат. Арак оорусуна чалдыккандарга кеңеш берүүгө даяр элем. Ишеним телефонду айта кетейин: 51-04-78

- Аракты эрки жок, акылы тайкы, жөндөмсүз адамдар ичет деген пикирге кандай карайсыз?

-Мен арак ичкен ар кандай адамдар менен кездештим. Эки диплому бар, окумуштуу, илимпоздордун аракка чалдыккандарын көрдүм. Бул - оору. Оору адам тандабайт. Маселе ал оорудан айыгуу проблемасында.

- Ырахмат сизге. Эми сөздү кесиптешим Мелис Кыязовго берсем. Ал жаштар арасында бул көйгөй кандай деген суроого жооп издеди эле.

Мелис Кыязов:

- Жаштардын арасында араккечтиктин курчуп баратканы жана ага шарттаган жагдайлар тууралуу сурамжылоо жүргүздүм эле.

Болот: - Жаштардын арасында ичкиликке берилип жаткандыкты моюнга алса болот. Анын башкы себеби эле жумушсуздук деп эсептейм. Жаштарга мамлекет тарабынан камкордуктар көрүлбөйт. Алардын эртеңкиге үмүт байлаган жашоосун камсыз кылып, таасирлүү иштер жүргүзүлгөндө, жаштар жаман жагдайдан баш тартарына ишенет элем.

Бакыт: - Жаштарга жакшы жашоонун үлгүлөрүн көргөзүү керек. Бир гана тунук жашоо аркылуу, адам өзүнүн турмушунда бакытка жете тургандыгын, ички рухий дүйнөсүндөгү тазалыкты камсыз кылган адамдар гана ичкиликти жоюуда салым кошалат деп ойлойм.

Жаркын Суран кызы:

- Жаштар арасында аракечтиктин курчуп кетиши боюнча пикирлерге караганда аракечтикке жумушсуздук менен кыйын кырдаал себеп болуп атыптыр. Ага аракечтер менен жашыруун иш жүргүзгөн Жеңиш мырза каршы чыккан пикирин айтты. «Арак адамды жеңалбайт» дейт Жеңиш мырза.

Кыргызстандагы араккечтик проблемасы тууралуу козгогон сөзүбүзгө чекит койордон мурда өнүккөн чоң-чоң мамлекеттерде араккечтиктин деңгээли канчалык, дүйнөлүк практикада аракечтик менен күрөшүү кандай өңүттө жүргүзүлөт болду экен? Бул боюнча Чолпон Орозобекова иликтөө жүргүзгөн эле:

Чолпон Орозобекова:

- Дүйнөлүк коомчулук да аракечтиктен жабыркап, ага каршы улам бир дары ойлоп табуунун үстүндө. Мисалы, Орусияда аракка көз каранды 2,5 миллион адам каттоодо турат. Бир жылда эле 650 миллион декалитр пиво ичкен орусиялыктар акыркы күндөрү пивого катуу берилип бараткандай. Орусиянын Мамдумасы эки жыл мурда улуттук азчылыктар жашаган аймактарда аракка тыюу салган. Эксперттердин айтуусунда хакас, эвенкий өңдүү чакан улуттар аракка «ашепке» берилип бараткандары байкалат. Орусиянын айрым шаарларындагы аракечтиктин деңгээлин ушундан бил, чоң-чоң ишканалар өз эсебинен жумушчуларын арактан дарылаган учурлар бар. Челябинскидеги машина куруу заводу өз чөнтөгүнөн акча чыгарып жумушчуларына аракты жерите турган ийне сайдыра баштады.

Ал эми дүйнөдөгү алдыңкы держава делген АКШда деле аракечтик оор маселе. Америкалык эксперттер иликтеп чыгып, өлкөдө өндүрүлгөн алкоголдук ичимдиктердин төрттөн бирин өспүрүмдөр ичээрин аныкташкан. АКШнын саламаттык сактоо боюнча мурдагы министри Жозеф Калифано 14-15 жашар өспүрүмдөр арасындагы аракка берилүү өзүнчө эпидемияга айланып баратканын айтат. Ошону менен Америка аракка каршы ойго да келбеген ар кыл ыкмалардын үстүндө баш оорутуп келет. Мисалы, алгач арс чычкандарды аракка аябай көндүрүп алгандан кийин кайра андан сууруп чыгыш үчүн ар түркүн тажрыйба кылышууда. Брукхейаен лабораториясы арс чычкандарга мээге таасир берчү генди киргизгенден кийин арс чычкандар күндөгүдөн 2 эсе аз арак ичишкен. Акыры америкалык окумуштуулар улам бир нерсени ойлоп тапканы менен азырынча күчтүү деле дабаа жолуга элек. Канадада болсо пиво менен арактын бөтөлкөлөрүнүн сыртына ичимдиктин өмүргө коркунучтуулугу жөнүндө сүрөттөр чапталмак болду. Англияда болсо жапжаш туруп боордун циррозу өңдүү ичкилик түрткү болчу дарттардан каза тапкандар көбөйүүдө. Улуу Британияда болсо аракка каршы жаңыча мамлекеттик саясат иштеп чыгууга кришкени турушат. Арак продукцияларына салыкты көтөрүү, сырттан кирген арак-шарапты чектеп, айдоочуларга көзөмөлдү катуулатуу жана арак сатылчу жайлардын санын кыскартуу ж.б. ушул өңдүү чаралар иштелип чыгууда. Медиктер тарабынан мамлекеттик бийлик бутактарына сунушталып аткан бул иш-чаралар атайын мыйзам менен бекитилиши керек.

Жаркын Суран кызы:

- Кадырман угармандар, сиздер «Коом жана турмуш» аттуу маалымат-аналитикалык уктуруубуздан, коомчулукту түйшөлткөн аракечтик көйгөйлөрү, ага шарттаган проблеманын тегерегинде берүүнү уктуңуздар.

XS
SM
MD
LG