Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:30

Афинада олимпиада факели жагылды


АФИНА. Бүгүн жайкы олимпиадалык оюндардын урматына Афинада Олимп оту жагылды. Быйыл олимпиадалык факел олимпиада шакекчелери аркылуу символдоштурулган беш контитентти дүйнө тарыхында биринчи жолу аралап өтөт. Олимп отун алып чуркоону дүйнөнүн мурдагы чемпиону, грек спортчусу Костас Гатсиудис баштады. Факел күйгүзүү салтанатында Эларалык Олимпиада комитетинин башчысы Жак Рогж (Jacques Rogge) мындай деди:

- Эркек-аялбы, жаш-карыбы, оору-сообу, чоң спортчубу-үйрөнчүкпү, ишкерби-кызматкерби, белгилүүбү-белгисизби, бай өлкөдө жашайбызбы же жарды өлкөдөбү – биздин баарыбызды жалын бириктирип турат. Факел оюндарды коомго жакындатып, оюндарга катышууга коомчулукка жол ачат..

Афина жайкы олимпиадалык оюндары 13-августта башталат. Олимпиадалык оюндар биринчи жолу Грецияда 2780 жыл мурда башталган.

Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган – Бурулкан Турдубек кызы, Прага

XS
SM
MD
LG