Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

САДДАМГА АТАКТУУ АДВОКАТ ТАБЫЛДЫ


Эсенбай НУРУШЕВ, Прага шаары Багдадда бүгүн (ишемби күнү) бомба жарылып, бир нече киши жарадар болду. Анын соңунан түндүктөгү Мосулда шаарбашчысынын кеңсеси ракетадан аткыланды. Мындан бир күн мурда Фаллужа шаарында америкалык аскерлер менен жергиликтүү куралчан кошуун ортосунда айыгышкан атышуулар болуп өткөн эле. Набыт болгондор арасында америкалык бир жоокер, Эй-Би-Си телеканалына иштеген жергиликтүү бир оператор бар дешет. Эгерде жакынкы болочокто Саддамдын соту болуп калса, анда процессте аны кеңири белгилүү адвокат Жак Вержес коргошу мүмкүн. Ушундай өтүнүч менен ага Саддамдын жээни кайрылды.

Фаллужа шаары коалициялык контингент арасында Ирактагы эң кооптуу райондордун бири эсептелинет. Ошондуктан америкалыктар бул шаарда кез-кезде гана болот. Жума күнү алар мандеми бардай сезилген айрым бир жерлерди текшерип көргөнү шаарга киришкен эле. Жабытта жаткан куралдуу топ капыстан аларга ок жабылтып, анын арты айыгышкан атыштарга айланды.

Америкалыктар окуяны өз көзү менен көрүп, телетасмага тартып алганга аракет кылган журналисттерди артка кайтарганга аракет кылышты. Эй-Би-Сиге иштеген ирактык телеоператорго ошо кезде ок жаңылган дешет. Уруш итапкан убакытка созулуп, америкалыктар шаарды кечке маал гана өз көзөмөлүнө алганга жетишти. Куралдуу кошуунчулар канча адамынан айрылганы белгисиз,бирок медиктер бери эле дегенде жергиликтүү беш киши набыт кеткенин, жыйырма бештей адам жарадар болгонун билдиришти.

Ошол эле күнү Тикритте да куралдуу кагылыш чыгып, жети киши жайран болду. Кол салган тараптан үчөө окко учту, калгандары Ирактын коргоо күчтөрүнүн кызматкерлери экени айтылды.

Тикрит мурдагы ирак диктатору Саддам Хусейндин киндик кан тамган шаары. Аны былтыр декабрда дал ушул шаарда жашынып жаткан жертөлөдөн таап, кармап кетишкен. Британдык Би-Би-Си телеканалы жүргүзгөн иликтөөдө Саддамдын изине америкалыктарды анын сакчысы салгандыгы айтылат.

Айтымда, анын аты - ал-Мусслит, былтыр апрелде коалиция Багдадды алганда Саддам менен бирге качып, жашынып жүргөн. Кышка жуук америкалыктардын колуна түшүп калып, мурдагы кожоюну кайерде бекинип жатканын көрсөтүп берген экен. Бирок Саддамдын дайын-дарегин айткандар үчүн сайылган 25 миллион доллар байге ал-Мусслитке берилбейт. Америкалык офицерлердин бири ырастагандай, ал-Мусслит экс-диктатор тууралуу өз ыктыяры менен келип маалымат берген жок, туткунга алынып, айласы калбаганда гана кызматташканга мажбур болду.

Саддамга байланыштуу француз гезиттеринде дагы бир кызыктуу кабар пайда болду. Атап айтканда, кокус Саддамдын соту болуп калса процессте аны кеңири белгилүү адвокат Жак Вержес коргошу мүмкүн. Ушундай өтүнүч менен ага Саддамдын жээни кайрылды. Жак Вержес француз юристеринин арасында “шайтандын адвокаты” деген ылакап атка конгон. Учурунда ал алжирлик улуттук боштондук фронтунун мүчөлөрүн сотто коргоп, коомчулукка таанылган. 2002-жылы эле адам укуктары боюнча Европа сотунда Слободан Милошевичтин таламын талашкан. Жак Вержес ошондой эле Ирактын мурдагы вице-премьери Тарик Азизди да сотто коргоого камынып жатат. Бирок азырынча Ирактын мурдагы бийлик төбөлдөрүнүн, анын ичинде Саддам Хусейндин соту качан болоору белгисиз.

XS
SM
MD
LG