Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

ИШ КАГАЗДАРЫ 2015-ЖЫЛЫ ГАНА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ ӨТКӨРҮЛӨТ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамына азырынча президент кол койо элек. Бирок ал ишемби күнү мыйзамга кол койоорун ачыктап, ошол эле учурда иш кагаздарын мамлекеттик тилге 2015-жылдан баштап өткөрүү тууралуу жарлыгын кошо чыгараарын билдирди. Мамлекет башчысынын мындай билдирүүсү коомчулукта бир топ талаш-тартыштарды жаратууда.

“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын тегерегинде талаш-тартыштар күчөп, ал саясый өң-түс алып бара жатканы тууралуу маалымат каражаттары улам-улам жазып келет. Жакында эле президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев да бул маселенин тегерегинде саясый оюндар күчөп кеткенин айтып чыкты.

-Эми мына өзүңөргө белгилүү болгондой акыркы учурларда “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды кабыл алууда жана анын тегерегинде көп саясый оюндар көбөйүп кетти.

Айрым эксперттердин иликтөөсүнө караганда аталган мыйзамдын тегерегинде ар кандай саясый оюндар президент ага кол койбой, өз пикирин билдирбей кечеңдетип келгенден улам да күчөгөн. Өткөн ишембиде мамлекет башчысы Кыргызстан элдери ассамблеясынын өкүлдөрү менен жолуккан учурда мыйзамга кол койорун, анткени кабыл алынган мыйзам Конституциянын жоболоруна каршы келбесин билдиргени коомчулук тарабынан жакшы маанайда кабыл алынды. Бирок иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү жана аны үйрөнүү мөөнөтүн 2015-жылдан баштай турган жарлыгын кошо чыгараарын айткан соң ал талаш-тартыштын жаңы бутасына айланды. Жарлыкта камтылчу маселелер тууралуу президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдин түшүндүрмөсү мындай болду:

-Президент бир гана ушул мыйзамды кабыл албай, ага кошумча мамлекеттик тилди жана ырасмий тилди колдонуу боюнча атайын жарлык кабыл алууну сунуштады. Президенттин сунушу боюнча расмий иш алып баруу өкмөттүк уюмдарда, мамлекеттик мекемелерде толук мамлекеттик тилге 2015-жылдын 1-январынан баштап өткөрүлөт. Башкача айтканда, президент тарабынан 10 жыл убакыт берилип жатат. Мына ушул 10 жылдын ичинде бардык иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүшүбүз керек.

Мамлекет башчысынын али жарык көрө элек жарлыгы тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев кескин сын айтып чыкты:

- Азыркы мыйзам боюнча 1997-жылы биздин бүт иш кагаздарыбыз кыргыз тилине өтүшү керек эле. Тилекке каршы, бүгүнкү жетекчилер ошол мыйзамды көз жаздымда калтырып, эми 2015-жылга чейин мөөнөттү созобуз деп атат. Бул абдан туура эмес иш. Бул бизде болгон бир ууч саясый спекулянттардын көзүн караган көз каранды саясат деп эсептейм. Президент азыр артка чегинип, башкаларга жүгүнүүчүлүк кылган саясатын туура эмес деп эсептейм. Мен мындай аракетти мыйзамсыз деп эсептейм.

Ушундай эле пикирин «Кыргыз тил» кыймылынын жетекчиси, «Аалам» гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев да билдирди.

- Эми бул мыйзамга эч кандай жарлыктын кереги жок го деп ойлойм. Анын үстүнө өзгөчө 2015-жылга чейин узартышы бул дээрлик мыйзамды токтотуу, анан кезектеги мыйзамды өлтүрүү деп эсептейм. Буга эми жалпы элибиз да нааразы болуп, республиканын аймагындагы «Кыргыз тил» кыймылынын мүчөлөрү телефон чалышып, телеграммаларын жиберип, нааразычылыктарын билдирип жатышат. Анын баарын жума күнү чыгуучу гезитибизге жарыялайбыз.

Мына ушундай талаш-тартыштар, кайчы пикирлер "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамга президент кол койгонго чейин эле коомчулукта өкүм сүрүп келет. Ал эми Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү мамлекет башчысы сунуш кылган жарлыкты колдоорун билдиришти.

XS
SM
MD
LG