Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

"МАНАС" ЭПОСУНУН КААРМАНДАРЫ: ЭР КӨКЧӨ ДЕГЕН КИМ ЭЛЕ?


"Бабалардын мурасы" аттуу түрмөгүбүздүн бүгүнкү жаңы санынан "Манастагы" башкы каармандардын бири - казактын каны Көкчө баатырдын эрдигин, сын-сыпатын баяндаган сүрөттөмөнү угуңуздар.

Айдаркандын уулу Көкчө - казактардын каны. Ал - "Манас" эпосундагы башкы каармандардын биринен. Ал Сагынбай Орозбаковдун айтуусунда жомоктун башынан аягына чейин катышат. Эрдиги да башка баатырлардай бааланат. Сагынбайдын айтуусунда Көкчө өзүнүн алгачкы эрдигин кытайдын баатыры Нескара менен болгон согушта көрсөтөт. Ал - Манаска аябай жагат. Көкчө атасы жана Манас менен бирге душмандардан Чүйдү, Анжыянды бошотууга жандуу катышат.

Көкчөнүн шердиги Иле боюндагы калмактардын каны Иледегинге жортуулга барганда, алардын каршылык көрсөтө албай багынып бергенде көрүнөт. Калмактар Көкчөгө Буудайга аттуу сулуу кызды тартуулашат. Ал Иле боюнда калат. Качан гана ал Манас чакыртканда башка кандардай эле өз колу менен келип турат. Эпосто Көкчө Алмамбетке байланыштуу баардык окуяларга катышат.

Көкчө менен Алманбеттин ортосуна казак кандары көрө албастыктын отун жагат. Калк арасына "Көкчөнүн зайыбы Акеркеч Алманбет менен көңүлү жакын" деген жалган ушакты таратышат. Акыры акылдуу Акеркеч Алманбетти актап, Көкчөнү уяткарат. Ал Алманбеттин Көкчөгө кылган кызматын, адамкерчилигин, жолдошчулугун айтат. Акыры Алманбет чагымчылардын кесепетинен Көкчөдөн кол үзөт. Көкчө болсо жети канга кошулуп, Манаска каршы кутумга кирип, Бээжинге чоң казатка чогуу аттанат.

Көкчөдө алабармандык, мактанчаактык, ала көөдөндүк, өзүмчүлдүк өңдүү терс жактары болсо да душмандар менен тартынбай салгылашкан эр жүрөк баатырдан болгон. Көкчө Чоң казатта окко учат. Кийин улуу Үмөтай атасынын кунун Семетейден алам деп, бөөдө жерден каза табат. Саякбайдын айтуусунда көк жалат алган Көкчө мындайча сыпат алыптыр. Айтуучу Элмирбек Иманалиев:
Айдаркан уулу эр Көкчө,
Сары арканы жердеген,
Салышып душман жеңбеген.
Бетегелүү белде өскөн,
Берекелүү жерде өскөн,
Найза алып бойлогон,
Айбалта чаап ойногон,
Таруусун таштай актаган,
Катынын кыздай мактаган,
Көк ала сындуу ат миңген,
Көк ырапыс тон кийинген,
Күткөн малы кулача,
Маңдайы кашка тумарча,
Ар бууданы ар башка,
Бул Айдаркан уулу көй кашка,
Кийгени киш-миш түлкү бөрк,
Бул да кан аталган кара көк,
Сары арканы бойлогон
Калмактын каны Одуган
Эр Көкчөдөн сойлогон,
Көкчөнүн жөнү момундай,
Тай этине тойбогон,
Сабага кымыз куйдурган,
Адырга жылкы жыйдырган,
Жигитке күлүк мингизген,
Сандатып аскер жүргүзгөн,
Бу да эрдигин элге билгизген,
Эр Көкчө деп аталган,
Айтылат кептин тазасы,
Бул айкөл Манас бажасы, - делип мүнөздөлүптүр.

Тектеш

XS
SM
MD
LG