Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Тилекмат аке Жылкыайдар уулу


Жылкыайдар уулу Тилекмат.
Жылкыайдар уулу Тилекмат.

Кыргыз тарыхында ысымы өчпөй сакталчу инсандардын бири - Ысык-Көл кылаасында XIX кылымда жашоо кечирген Жылкыайдар уулу Тилекмат. Элчилик жөндөмү үчүн эл арасында аңызга айланган атауулу туурасында кабарчыбыз Султанаалы Арстанбек төмөндөгүдөй маалымат топтогон.

Чукугандай сөз тапкан тетиктиги, кылычы суурулуп тургандарга сөзү менен тең келген кайра тартпастыгы үчүн Тилекматтын замандаштары аны жанга күч келгенде аралжа болчу тирек катары көрүшкөн.

Таптаган билет шумкарды,
Чапкан билет тулпарды.
Таптаса шумкар кырбайбы.
Чапса тулпар чыкпайбы - деп улуу кичүүгө нуска калтырган атасы Жылкыайдар Тилекматтай уулдуу болууга, өзүнө жараша жар таап, ата намысын көтөрүп тексиз кул атын өчүрүүгө тетик уул тарбиялоонун жолун издегендей.

Болжол менен 1799-жылдары жарык дүйнөгө келип, ата тилегине жараша акыл эстүү чоңойгон Тилекматтын жүрөгүнө баткан сөзү "тексиз кул" атыккан атасынын аргасыз жагдайы болгон.

Ысык-Көлдүн бүгүнкү Жети-Өгүз районунун аймагында жашоо кечирген Тилекмат элчинин айрым маалыматтарын анын урпагы Усупканов Өмүрбек:

- Тилекмат атам өзү түпкү теги - адигине, адиненин сарыбаргы уругунан. Кампир деген атасы болгон. Биздин атабыз Жылкыайдар, Жылкыайдардан биз, Тилекмат төрөлгөн. Тилекмат үч ага-ини болгон. Улуусу Тилекмат, андан кийинки Байтайлак, анан Кыдырбай. Элге элчи болуп дайындалып калган Тилекмат атам.

Жылкыайдар уулу Тилекмат өз кезегинде тек гана ажаат ачкан элчилик милдетти гана аткарбастан, башкаруучуларга, эл бийлерине тете мөөр кармап, айланадагы чектеш турган Кытай багытындагы башкаруучулар, Кокон кандыгынын өкүлдөрү, казак султандары менен алака түзгөндүгү дайын.

Көлдүн төрүн жайлаган Бугу уруусу баш болгон жалпы элдин намысын коргоодо кылыч мизин басып кыргын түшчү алааматтарды болтурбай калган учурлар бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү эл арасында жомоктолуп аңыз болуп айтылат. Тилекмат Жылкыайдар уулу жөнүндө илимпоз Акеш Иманов:

- Бул адамга Сарытайкеден ашык эч ким баа бере алган эмес экен. Мен ал кишинин баасын угуп отуруп, ушунча таң калдым. Тилекмат атаын Сарытайкенин баалоосуу боюнча, бул жарык дүйнөгө атайын эле Алла тааланын өзүнүн эрки менен жаралган теңдеши жок тубаса элчи катары баалаган жери бар. элден калган улуу сөз бар экен "канаттуу кушка учуп кетүү, же кайра келип даракка конуу кандай жеңил болсо, Тилекмат үчүн чукугандай сөз таап, адамды уютуп, көшүлтүп сүйлөп, өз менен ынандыра билүү жагынан ошол канаттуу куш менен салыштырып айтылган учкун сөздөр бар. Тилекмат ата чындыгында ушундай адам болгондуктан "сөз атасы Тилекмат" деп бекер сөз калган эмес.

Ал эми санжырачы Апыш Жылкыбаевдин сөзү төмөндөгүдөй уланган:

- Тилекмат аке элди көбүнчө элди бир точкага уютууга аракет кылган киши болгон. Ынтымакка, тынччылыка, эмгекке, адилеттүүлүкө чакырган. Караөзгөйлүккө барган эмес. Эмне үчүн Тилекмат акенин аке дейт. Аке деген себеби, биринчиден, калыстыкты бетине кармаган, адамга зээрчилик жасаган эмес. Туңгуюкка кабылып турган калың элди ошол кыйынчылыктан чыгарып алуунун жолун издеп тапкан.

Болжолдуу 64 жаш чамасында жарыкчылык менен кош айтышкан Тилекмат Жылкыайдар уулу тууралуу кыска маалыматыбызды анын урпактарга нуска кылып калтырган "Элчиси ээсиз болсо, башчысынын башына бак конбойт" деген сөзү менен аяктайбыз.

Султанаалы Арстанбек, Бишкек.

XS
SM
MD
LG