Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:07

Украинадагы ири аскердик кампалардын бириндеги жарылуулар беш кишинин өмүрүн алды


Мелитополь шаарында курал-жарак сакталган кампада удаама-удаа жардыруулар болуп, беш киши набыт кетип, дагы 10го жакыны жараат алышты. Украинын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ кечинде башталган жарылуулардан бери аскердик кампаны өрт каптап жатканын, ал жерде улам бир жардыруу кайталанып жатканын билдирди. Расмий Киев Советтер доорунан мураска калган аскерий жабдык, техника сакталган ири кампадагы өрттү тез арада өчүрүү мүмкүн эмес деп маалымдады. Кабарларга караганда, Орусия Мелитополго атайын адистер тобун жөнөттү, Кошмо Штаттар да колкабышын сунуш кылды. Украин президенти Леонид Кучма башкы прокуратура менен коопсуздук кызматына аскердик жайдагы жардырууну териштирүү максатында атайын комиссия түзүүнү тапшырды.

XS
SM
MD
LG