Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

КЕДЕЙЛИКТЕН КУТУЛУУНУН ЖОЛДОРУ УЛУТТУК ФОРУМДА ТАЛКУУЛАНДЫ


13-майда «Миң жылдыктын өнүгүү максаттары: кедейликти кыскартуу жана социалдык мобилизациялоо» аттуу улуттук үчүнчү форум өттү. Ага айыл өкмөттөрүнүн башчылары, бардык район жана облус жетекчилери, өкмөттүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында президент Аскар Акаев жана БУУнун Өнүгүү программасынын ушул күндөрү Кыргызстанда жүргөн жетекчиси Марк Маллок Браун сөз сүйлөштү. Акаев Кыргызстандын 2010-жылга чейин өнүгүү стратегиясы БУУнун кедейликти жоюу программасынын сегиз максаты менен үндөш деп белгилеп, өткөөл мезгилдеги кыйын учурда деле Кыргызстанда ачкачылык болгон жок деп билдирди:

- 2010-жылга чейинки негизги багытыбыз кедейликти жоюу деп эсептейбиз. Биз советтик доордон калган жанбакты көз карашты ооздуктай алдык. Анын натыйжасында кедейлик басаңдап, азыр өтө жакырлардын саны жалпы жакырлардын 9 гана процентин түзүп калды. Бирок бизди бул көрсөткүч канааттандырбайт. Өткөн жылы жакырчылыктын деңгээлин 6 процентке чейин азайтабыз деп милдеттенгенибиз менен аны 3,6 процентке гана кыскарта алдык. Биз быйыл жарыкчылыктын деңгээлин 5 процентке чейин азайтышыбыз керек. Ал эми 2005-жылы анын деңгээлин 32,8 процентке чейин кыскартууга милдеттүүбүз.

Президенттин айтымында, БУУнун Өнүгүү программасынын кедейликти жоюу жана социалдык мобилизациялоо долбоору жакшы натыйжа берип, азыр өлкөдө 6 миң жамаат, 3,5 миң өз ара жардамдашуу тобу, 4,5 миңге жакын коомдор түзүлдү. Алар өткөн жылы эле 2 миллиард 300 миллион сомдук чакан кредиттерди алып, өз көйгөйлөрүн чечип жатышат.

Президент Акаевдин баамында, буга быйылкы жылдын социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы деп аталгандыгы түрткү болууда жана миң жылдык өнүгүүнүн 8 максаты боюнча жасалып жаткан иштер канааттандырат.

Бирок президент кедейликти жоюу үчүн алдыда дагы көп аракеттенүү керек деп, ага эл аралык каржы уюмдарынын жардамы зарыл экендигин белгиледи. Мамлекет башчысынын айтымында, эл өз турмушун оңдоого аракетти күчөтүүгө тийиш.

Ысыккөлдүн Тоң районундагы Көксай айылынын тургуну Зинагүл Кыдырмышеванын айтымында, калк азыр мындай милдетти түшүнүп калды:

- Себеби, жер үлүшүн бөлүп алгандан кийин мурунку убактагыдай колхоз-совхоз же өкмөт багат деген адамдар айылда калган жок. Алар жерин иштетип, малын багып, өз турмушун жакшыртууга тырмышып жатат.

Бирок кедейликтин азайбагандыгына калктын айрым катмарынын дагы эле жатып ичерлик көз-караштан кутула албай жаткандыгы өбөлгө болууда. Ал тууралуу Жетиөгүз районундагы Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлсүн Чыныбаева мындай дейт:

- Мени айыл өкмөт башчысы катары бир гана нерсе өкүндүрөт. Ал - ушул жагдайды жалпы элдин түшүнбөй жатканы. Дагы элибиздин 20-30 проценти жалкоолонуп, арак ичип, тыштан бирөө келип алар үчүн кам көрчүдөй мамиле кылып жатышат.

Кыргызстан кедейликти жоюунун алкагында балдардын өлүмүн кыскартуу жана энеликти коргоо багытын алдыга койгон. Президенттин айтымында, эгемендик жылдары энелердин өлүмү 30 процентке кыскарды. Балдардын өлүмү 29 процентке азайып, бир топ жылдан бери мындан ылдыйлай элек. Бирок андан да төмөндөтүүгө күч жетпей жатат.

Талас облусундагы социалдык коргоо башкармалыгынын балдарды жана энелерди коргоо бөлүмүнүн башчысы Бүбүайша Төрөбекованын айтымында, буга энелердин ден соолугунун начардыгы башкы себеп болууда:

- Биринчи кезекте айыл жериндеги энелер менен балдардын начар тамактанганы буга себеп. Алардын көбү чай менен гана нан жешет. Ошону менен эненин ден соолугу начарлап, дени соо эмес энеден төрөлгөн баланын саламаттыгы да начар болууда. Буга жумушсуздук да башкы себеп. Жумушсуз үй-бүлөдө акча, киреше жок болот. Андан тышкары ичкилик ичкендер көбөйдү. Бул дагы башкы себептердин бири.

XS
SM
MD
LG