Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

ӨКМӨТ ИНВЕСТИЦИЯГА ЫҢГАЙЛУУ МЫЙЗАМДЫК НЕГИЗ ТҮЗҮҮ АРАКЕТИНДЕ


Өткөн жылы Кыргызстанга 146 миллион доллар тикелей инвестиция келген. Бул өлкөнүн ички дүң продуктунун 8% түзөт. Кыргыз өкмөтү бул көрсөткүчтү 10% жеткирүү далалатын жасоодо. Адистердин айтуусунда, Кыргызстанга инвестициянын арбын келишине тоскоол болчу жагдайлар биртоп. Ага өлкөнүн туташ дегидей коррупцияланганы, сот бийлигине ишеничтин жоктугу, өндүрүлгөн товарды сатып өткөрүү базарынын кичинелиги сындуу жагдайлар кирет.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтуусунда, Кыргызстанга чет эл инвестициясынын күргүштөп агып киришине биртоп жагдайлар жолтоо болууда:

- Коррупциянын деңгээли чочулатат. Инвестор министрлик менен ведомстуктарга кирсе, ал жерде өз чөнтөгүн ойлогон чиновник отурат. Сот системасы кандай экенине кызыкса, анын кыйла жабык экенин көрөт, тыюу салчу тоскоолдуктар көп. Ошон үчүн биз Борбор Азияда биринчилерден болуп ишкерликтеги экономикалык талаштарды чече турган бейтарап сот институтун түздүк.

Жоомарт Оторбаевдин ырасташынча, Кыргызстан сыртка товар ташып чыгарууга ыңгайлашы зарыл. Учурда Кыргызстандын тышкы соодасы ички дүң продуктуга салыштырмалуу 60% түзөт. Ж.Оторбаев бул көрсөткүчтү 100% жеткирүү керек деп эсептейт. Ансыз өлкөнүн ыкчам экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу кыйын.

Анткен менен Кыргызстанда ишкерликти баштоону оголе оор жумушка айланткан бюрократиялык тоскоолдуктар толтура. Ишкерликти баштоого уруксат алуу, каттоо, тийиштүү чиновниктерге кол койдуруп чыгуу сындуу түйшүктөр көп убакты-саатты, оңбогондой акчаны талап кылат. Техникалык жөнгө салуу деп жалпысынан аталган түйшүктүү жумуш 5000ден ашуун нормативдик-укуктук документтерге байланган.

Вице-премьер-министрдин кеңешчиси Нурдин Жаманкуловдун ырасташынча:

- Бизди Канада менен салыштырып көрөлү. Бизнес башташ үчүн бизде 9 жерден өтүш керек. Канадада эки гана жерден өтүп уруксат алынат. Анан да бизнести баштоого Канадада болгону эки күн талап кылынса, бизде жок эле дегенде бир айга жакын чуркаш керек. Кеткен чыгым бизде ички дүң продуктуну жан башына эсептегенде 13% жетсе, Канадада ал болгону 1% гана. Мен башкалар тууралуу айтпай эле коёюн. Грузия, Казакстанга салыштырмалуу биздин абалыбыз жакшы, бирок да инвестицияга мыкты шарт түзгөн өлкөлөргө салыштырмалуу абал мактанаарлык эмес.

Нурдин Жаманкулов Кыргызстан базар-нарк мамилелери шартында жашаганы менен уруксат берүү, ишкерликти жөндөө багытында мурунку социалисттик замандан калган стандарттар менен жашоодо деген пикирде.

Экономикалык өнүгүү, тышкы соода, өнөр жай министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар башкармалыгынын жетекчиси Анархан Рахманованын ырасташынча, эларалык террорчулукту шылтоо кылып Өзбекстан аймагы аркылуу жүк ташып өтүүнү абыдан татаалдаштырып салган:

- Акциз салыгын 90 позиция боюнча киргизип, аймагы аркылуу өтүүчү буюмдардын баарына акча төлөтүүдө. Ачык транзит шарты да сакталбайт. Чек арадан өтүп атканда 300 доллар төлөш керек. Булардан тышкары да Өзбекстан аркылуу жүк ташып өтүүнү кыйындаткан биртоп тоскоолдуктар бар.

Анын айтымында, бул проблемалар эки тарапка тең дайын. Бирок да маселе өкмөттөр аралык комиссияда бир нече ирет козголгонуна карабастан, Өзбекстан аны чечүүгө шашылган жери жок.

Кыргызстанга чет элдик инвестициянын келишине кошуна өлкөлөрдөгү алдагыдай жагдай таасир этпей койбойт. Адистердин айтымында, Казакстан менен Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп өтсө Кыргызстанда чыгарылган буюмдардын сыртка чыгарылышына, сырттан инвестициянын келишине кыйла дурус шарт түзүлмөкчү.
XS
SM
MD
LG