Бул тууралуу так маалыматтар бар. Юстиция министри Жон Эшкрофт шаршемби күнкү пресс-конференцияда ишенимдүү бир катар чалгындоо булактардан алынган кабарларга караганда “Ал-Каида” жакынкы айлардын ичинде Кошмо Штаттарында террордук иштерди өткөргөнү жаткандыгын билдирди. Министрдин айтымында, ”Ал-Каида” АКШны Ирактан аскерлерин чыгарып кеткенге мажбурлоону көздөп жатат.