Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Украина: Орус армиясы алдыга жылды. Согуштун жүрүшү өзгөрөбү?


Орусиянын армиясы Украинанын чыгышындагы Очеретино шаарчасын өз карамагына алганын 5-майда билдирди. Расмий Киев азырынча бул маалыматты ырастай элек.

Орус күчтөрү Украинанын башка аймактарына да абадан сокку урууну улантып жатат. 6-майга караган түнкү чабуулдардан Сумы жана Харьков облустарынын айрым бөлүктөрү электрсиз калды.

Орусиянын армиясынын Очеретино калаасын өз көзөмөлүнө алганы ырасталса, бул соңку эки жумада алардын карамагына өткөн сегизинчи калктуу конуш болуп калат. Донецк шаарынан 23 чакырым алыстыкта жайгашкан бул калаа орус күчтөрүнүн колуна өткөнүн согушка байкоо салып келген DeepState долбоору да бышыктады.

Орус армиясы Очеретиного чабуулун 20-апрелде күчөтүп, украин күчтөрүнүн коргонуусун жырып өткөн. Бул чакан калаада согушка чейин 3700дөй адам жашачу.

Андан тышкары орус армиясы жакын эле жердеги Архангельское айылын да көзөмөлүнө алганы кабарланууда. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан, Согушту иликтөө институту билдиргендей, америкалыктардын кошумча аскердик жардамы толугу менен фронтко жете элек болгондуктан, украин аскерлери Архангельское айылынан чегинүүнү чечкен.

Учурда фронттогу кырдаал согуш башталгандан берки эң оор деп украин чалгын кызматынын жетекчи орун басары Вадим Скибицкий мүнөздөгөн. Economist журналына курган маегинде ал Киев согуш талаасында Москваны сүйлөшүүсүз жеңе албасын айткан.

"Бүгүн да, эртең да бул мүмкүн эмес. Албетте, баары биздин такоолго жана жардамга жараша болот. Биздин көйгөй айдан ачык: курал-жарагыбыз жок. Алар (орусиялыктар) апрель жана май биз үчүн оор болорун билишкен”, - деди Скибицкий.

Байкоочулар белгилегендей, эми орус армиясы Покровск шаарына карай жылып, андан тышкары Часов Яр тараптагы украин аскерлерин курчоого алууга аракеттениши мүмкүн.

Очеретино шаары орус армиясынын көзөмөлүнө өтсө, бул ансыз да курал-жабдыктын жана жоокерлердин жетишсиздигинен кыйналып жаткан украин армиясынын дагы бир олуттуу чегинүүсү болуп калмакчы.

Зеленскийге издөө жарыяланды

Ал арада Орусиянын бийлиги Украинанын президенти Владимир Зеленскийге издөө жарыялады. Ички иштер министрлигинин базасындагы бул маалыматка мамлекеттик "РИА Новости" агенттиги көңүл бурган. Издөө салынгандардын арасында Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко, мурдагы өкмөт башчысы Владимир Гройсман жана Улуттук коопсуздук кеңешинин мурдагы баш катчысы Алексей Данилов дагы бар.

Зеленскийге издөө жарыяланганы тууралуу маалыматты орусиялык аскердик блогерлер жана журналисттер абдан талкуулашты.

“Киев режиминин башчысы менен эч ким сүйлөшпөйт. Эгер “сүйлөшүүлөр” болсо да, тергөөчүнүн катышуусу менен жүрөт”, - деп жазды "Россия-24" каналынын аскердик кабарчысы Евгений Поддубный. Расмий Киев орус бийлигинин бул чечимине токтоосуз жооп берди.

“Орусиянын маанисиз жарыяларынан айырмаланып, Владимир Путинди согуш кылмыштарына айыптап чыгарган Эл аралык кылмыш сотунун ордери реалдуу болуп саналарын жана аны 123 мамлекет аткарууга тийиш экенин эске сала кетебиз”, - деп жазылат Украинанын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Украинанын президенти калкын ыйык Пасха майрамы менен куттуктап жатат. Киев. 2024-жыл, апрель.
Украинанын президенти калкын ыйык Пасха майрамы менен куттуктап жатат. Киев. 2024-жыл, апрель.

Орусия энергетикалык объектилерге сокку урууну улантууда

Сумы облусунун бийлиги билдиргендей, орус армиясы аймактагы энергетикалык объектилерди бутага алды. 6-майга караган түнкү чабуулдан Сумы шаары жарым-жартылай электр кубатысыз калды. Орус күчтөрү бул жолу да “Шахед” дрондору менен чабуул койгон. 12 дрондун 11и атып түшүрүлгөнүн украин армиясы билдирди. Харьков облусунун айрым бөлүктөрү да электрсиз калганы кабарланды. Харьковго орус армиясынын жекшембиде урган аба соккуларынан көп кабаттуу үйлөр зыянга учураганы маалым болду.

"Жардыруунун толкунунан эшик талкаланды. Мен үстөлдүн алдына жашына калдым. Эмне болгонун түшүнгөнчө жердин баарын түтүн каптап кетти", - дейт жергиликтүү тургун Роза Кузьменко.

Сокку православдар ыйык Пасха майрамын белгилеп жатканда жасалды. Жабыркаган 15 кишинин арасынан бир аялдын абалы оор экени кабарланды. Жергиликтүү тургундардын бири Наталья Авилова-Патрикеева тынч уктай албай калганын айтат:

"Жок дегенде бул күнү тынч болот го деп ойлодум эле. Таңкы 4тө дагы абадан сокку урулду. Такыр эле уктай албай калдым".

Харьков шаарындагы орус армиясынын кезектеги аба соккусунун кесепети. 5-май, 2024-жыл.
Харьков шаарындагы орус армиясынын кезектеги аба соккусунун кесепети. 5-май, 2024-жыл.

Путин өзөктүк курал менен машыгууну тапшырды

Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министрлигине тактикалык өзөктүк куралду колдонуу менен машыгуу өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу аскердик мекеменин маалымат кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, машыгууга Түштүк аскердик аймактын ракеталык бирикмелери, Орусиянын Деңиз-аскердик флотунун авиациясы жана аскерлери катышат.

Маалыматта машыгуу “Батыштын расмий адамдарынын чагымчыл билдирүүлөрүнө жана коркутууларына” жооп катары даярдалып жатканы жана жакынкы күндөрү өткөрүлөрү белгиленет. Батыштын кайсы расмий адамдарынын кайсы билдирүүлөрү тууралуу кеп болуп жатканы такталган эмес. Кайсы жерде өтөрү да белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG