Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:32

Гаити менен Доминикан жумуриятындагы табигый кырсыктан 1 миңдей киши ажал тапты


Гуманитардык агенттиктер аба ырайынын начарлашынан улам, Гаити менен Доминикан жумуриятындагы суу ташкынынан жабыркагандарга жардам жеткирүү кыйындаганын билдиришүүдө. Анын үстүнө ишембиде чөлкөмдө жер титирөө да катталды. Бирок анын күчү анча катуу болгон жок.

Тынымсыз жааган жаандан келип чыккан ташкын өткөн аптанын ичинде 1 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти.
Миңдеген адам үйсүз калып, эми эл аралык гуманитардык жардамга көз каранды. АКШнын, Канаданын аскерлери жана башка эл аралык күчтөр бул латын америкалык өлкөлөрдүн калкына жардам жеткирүү иштерине катышып жатат.

XS
SM
MD
LG