Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

ЖАҢЫ РЕЗОЛЮЦИЯ КӨБҮНӨ ЖАКТЫ


Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешине Иракка байланыштуу резолюциянын жаңыланган долбоору сунуш кылынды. Анын тексти, тактоону талап кылган айрым бир жерлерин эске албаганда, кеңештин көпчүлүк мүчөлөрүнө жакты. Кошмо Штаттары менен Британия биргелешип даярдаган документтин мурдагы вариантына кеңештин туруктуу үч мүчөсүнүн - Кытайдын, Франциянын жана Россиянын комуту толбой, ирактыктарга аскери чөйрөдө кеңири укуктар берилбей калганы айтылган эле.

Жаңыланган долбоордо Ирактын өкмөтүнө улуттук коопсуздук күчтөрүнө жана армияга толук контролдук кылуу укугу берилген. Мындан тышкары коалициялык күчтөрдү чыгаруунун болжолдуу мөөнөтү белгиленген. Атап айтканда, быйыл жайда өткөөл өкмөт бийликти өткөрүп алат да, эмдиги жылдын алгачкы айларында улуттук парламент шайланат. Ошол эле жылы күздө Ирактын жаңы конституциясы элдик референдумга коюлат, ал эми кышка таяп жаңы өкмөттү шайлоо башталат. Жалпы элдин мандатын алган кабинет 2006-жылы январда ишке киришет. Коалициялык күчтөрдүн мандаты, долбоордо каралгандай,ушул мөөнөттө бүтүшү керек. Буга удаалаш ООНдун демократиялык бийлик түзүү боюнча Иракка көмөктөшүү озуйпасы да соңуна чыгат.

Документтин жаңыланган текстине алымсынганын билдирип,Чилинин өкүлү Эралдо Мунос резолюциянын долбоору боюнча сүйлөшүүлөр жана консультациялар үзүрлүү болгонун, АКШ менен Британия коопсуздук кеңешинде айтылган ой-пикирлерди эске алганын белгилеп,ошентсе да иш али толук бүтө электигин кошумчалады.

Документтин текстинде баарыдан мурда ирак бийликтери коалициялык күчтөрдүн кандайдыр бир операцияларын токтотуп кое алабы, жокпу, бу жөнүндө эчтеме айтылган эмес. Тескерисинче, Иракта кала турган эл аралык контингентке өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ар кандай кадамдарды жасаганга укук берилет. Буга байланыштуу Алжирдин элчиси Абдалла Баали мындай жагдайда кандай иш кылуу керектиги атайын катта кең-кесири түшүндүрүлөрүнө, атүгүл Ирак өкмөтү менен макулдашууну милдеттендирген жобо резолюцияда караларына ишенич билдирди. Коалициянын командачылыгы болсо бу сыяктуу механизмдердин башка документтерде аныкталышын абзел көрүшөт. Иши кылып, долбоордогу ушул өңдүү айрым ачакей жерлерди таңашып-тактаганы Нью-Йоркко, коопсуздук кеңешиндеги талкууларга Ирактын жаңы дайындалган тышкы иштер министри Хошиар Зебари келип кошулмакчы.

Британ өкмөтүнүн ООНдогу өкүлү Жонс Перри кантсе да иштин баары машагына чыгып баратканына ишенет. Анын баамында, резолюцияны ыкчам бекитип, Иракта көпчүлүктүн көңүлүнө төп келер кырдаалды түзүү үчүн ишти илгерилеткенге коопсуздук кеңешинде мүмкүндүк бар. Байкоочулар да документтин корутунду текстин макулдашканга бир нече күн керек болот дешет.

XS
SM
MD
LG