Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:22

Алай-Баткен электр линиясы тартылды


БАТКЕН. Электр зымынын ачылуу аземине Ислам өнүктүрүү банкынын Алматыдагы кеңсесинин башчысы Ник Зайнал Абидин, курулушту ишке ашырган Орусиянын "Технопромэкспорт" бирикмесинин өкүлү Валерий Кодатский, "Кыргызстандын улуттук электртармактар" ишканасынын башчысынын орун басары Медет Айткулов катышып, эл аралык талаптарга жооп берген бул долбоор ийгиликтүү болгонун белгилешти. Ал эми облус губернатору Аскарбек Шадиев долбоордун ишке кириши өзгөчө окуя экенине, Баткендин эли Тажикстандын электр кубатына болгон көз карандылыктан кутулганына жана кошуна өлкөлөргө электр энергиясын сатууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө токтолду. Линиянын курулушун Ислам өнүктүрүү банкы, ал эми жогорку чыңалуудагы "Айгүлташ" подстанциясынын курулушун Кувейт экономикалык өнүктүрүү фондусу каржылап, долбоордун жалпы наркы 20 миллиондон ашуун АКШ долларын түзгөн. Кызылкыядагы "Алай" подстанциясы менен Баткендеги "Айгүлташ" подстанциясын байланыштырган Алай-Баткен жогорку чыңалуудагы линиясынын жалпы узундугу 131 чакырым аралыкты түзөт.

XS
SM
MD
LG