Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:46

Чоңалай районунда 700 грамм героин алып бараткан адам кармалды


ОШ. Чоңалай районундагы Карамык чек ара бекетинде тинтүүгө алынган УАЗ-452 үлгүсүндөгү S51-28B мамлекеттик номурлуу автомашинанын орундук астына атайлап жашырылган 700 грамм героин баңги заты табылды. Баңги зат Тажикстандын Жергетал районунун ошол автомашинада жүргүнчү болуп келаткан тургуну Айыпов Нурдинге таандык болуп чыкты. Бирок, баңги затты автомашинанын орундугунун астына катууга уруксат бергендиги үчүн машинанын ээси Айыпов Нурдиндин жердеши Асамидинов Абдулхан да күнөөлөнүүдө. Учурда алардын үстүнөн тергөө иши башталды.

XS
SM
MD
LG