Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

КЫРГЫЗ-КАЗАК МАМИЛЕСИ СЫНОО АЛДЫНДАБЫ?


12-июлда Бишкекте кыргыз-казак өкмөт аралык комиссиянын төртүнчү отуруму болду.Анда эки мамлекеттин кызматташуусундагы бир катар орчундуу маселелер талкууланды.

Төртүнчү отурумдун күн тартибине 15 маселе киргизилген. Алардын ичинде суу-энергетика, транспорт,соода, бажы, Ысыккөлдөгү казак менчигин таануу, туризм тармагында кызматташуулар маселелери бар. Казак тараптан комиссияны бул өлкөнүн энергетика министри Владимир Школьник, ал эми кыргыз тараптан вице премьер министр Базарбай Мамбетов жетектеди.

Жыйынды үй ээси катары Кыргызстандын өкүлү Базарбай Мамбетов ачып, алгачкы сөздү Владимир Школьникке берди. Ал адегенде акыркы мезгилде эки тарап жетишкен келишимдерге токтолуп, андан соң казак тарап өзүнө алган милдеттерди аткарышы тууралуу маалымат берди:

- Биз оруп-жыйноо иштери үчүн силер сураган 10 миң тонна дизель майын бөлүп бердик. Март айынан баштап электр энергиясын сатып ала баштадык. Быйыл 1млрд 100 миллион килловат саат электр энергиясын сатып алуубуз керек болсо, 476 миллион килловат саатын алдык. “Кыргызгаз” менен биргелешкен “Кырказ газ” ишканасын түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Казак министри негизинен эки тараптуу кызматташуунун жүрүшү канааттандырарлык, деп атады.

Бирок андан кийин сүйлөгөн кыргыз делегациясынын башчысы Базарбай Мамбетовдун сөзү тескерисинче болду. Ал казак тарап мурда жетишкен келишимдерди аткарбай жатышын мисал келтирүү менен узакка тизмеледи:

- Жогорку деңгээлде кабыл алынган ар бир документтер андан төмөнкү денгээлде токтотулуп, натыйжада эл жабыркап жатат. Кыргызстан келишимдерди аткарбай жатат деп Казакстан кине кое албайт. Маселен, Чүйдө, Таласта өзүбүздүн эгин талаалар суусуз кургап турганына карабай, Чүй өрөөнүндө топтолгон 5 миллиард куб метр суунун келишимде белгиленген 42% ордуна, 62%, Таластагы суунун 50% ордуна, 78% Казакстанга берип жатабыз. Ал эми силер Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын өз базарларыңарга киргизбей жатасыңар. Кыргызстандык бир да автоунаа Казакстанга эркин жүрө албайт.

Андан аркы сөзүндө Мамбетов, Казакстандын электр энергиясын тийиштүү көлөмдө сатып албай жатышын, темир жол тарифин дале төмөндөтпөгөнүн, эмгек мигранттары боюнча келишимди себепсиз создуктурушун, эркин соодага жол бербей жатышын мисалга келтирди. Ал ошондой казак тарап киргизген импорт жана экспортко чектөөлөр Казакстан кирүүгө умтулган, ал эми Кыргызстан ага макулдугун берген, Дүйнөлүк соода уюмунун жоболоруна каршы келерин эскертти. Жалпысынан өз сөзүндө Базарбай Мамбетов кызматташуудагы абал эки тарап өткөн жылы декабрь айында жетишкен союздаштык мамиле тууралуу келишимге дал келбестигин билдирди.

Мындай сөздөрдөн кийин казак өкүлү Владимир Школьник Кыргызстан дарегине мындай кине айтты:

- Биздин президенттер суу-энергетикалык консорциум түзүү, Кыргызстан аймагынан өткөн газ түтүгүнүн негизинде биргелешкен ишкана курууну макулдашкан. Бирок алар боюнча иш создуктуруулуда. Анын айынан уруксатсыз газ алуу уланууда.

Ал эми кыргыз тарап бул багытта иштер өз нугунда жүрүп жатканын маалымдап, Ысыккөлдөгү Казакстандын менчик маселеси ошол төрт пансионатка инвестиция салуу боюнча долбоор сунушталганда чечилээрин белгиледи.

Комиссия төрагаларынын ушундай сөзүнөн кийин комиссия отурумуна киргизилген ар бир маселе боюнча эксперттик топтордун өз-өзүнчө жыйыны башталды. Алар ортодогу маселени кандай чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгыш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG