Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

ТИМдин өкүлдөрү Москвага чогулат


БИШКЕК. Ушул айдын жыйырма тогузунда Москвада КМШдагы мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин кеңешмеси болот. Ал ядролук куралдарды таркатпоо келишими боюнча 2005-жылы боло турган көзөмөлдөө конференциясына КМШдагы мамлекеттерди даярдоо алкагында болот. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалымат боюнча, конференцияга министрликтин делегациясы катышат. Кеңешмеде конференцияга даярдык көрүү комитетинин ушул жылдын апрель-май айларында Нью-Йорк шаарында өткөн үчүнчү сессиясынын жыйынтыгы жана ядролук куралдарды таркатпоо аракеттери талкууга алынат. Ошондой эле, конференцияга даярдык көрүүдө КМШдагы мамлекеттердин аракетин өз ара жөнгө салуу маселеси да каралат. Кыргызстан ядролук куралдарды таркатпоо келишимине 1994-жылдын 5-июлунда кошулган.

XS
SM
MD
LG