Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

ПАРАГВАЙДАГЫ ӨРТ 296 АДАМДЫН ӨМҮРҮН КЫЙДЫ


Чолпон Орозобекова, Прага Латын америкалык өлкө - Парагвайдын бийлиги жекшемби күнү соода борборунда болгон кайгылуу окуяга сараңдык өз салымын кошконун билдирди. Асунсион шаарындагы бул дүкөндөгү өрттөн бери дегенде 296 адам каза тапты. Парагвай полициясы билдиргенге караганда, өрт учурунда соода түйүндүн кожоюну товарларды уурдай качышат деген ой менен эшиктерди бекитүүгө буйрук берген.

Парагвайдын ырасмий бийлиги бул окуяны соңку он жылдагы улуттук трагедия катары баалады. Соңку кабарларга караганда, өрт газ түтүкчөлөрүнүн жарылышынан келип чыкты. От алоолоп чыккан убакта соода түйүндүн ичинде 700гө чукул адам болгон.

Өрт өтө тездик менен имараттын ичине жана алдыңкы кабаттагы автоунаалар токтоочу жайга жабылып кирген. Соода түйүндүн ичиндеги эл кымгуут түшүп, айрымдары өзүн жогото баштаган. Туш-тушунан от алоолоп, машинасынан чыга албаган бойдон курман болгондор да бар. Ал эми ошол кымгуутта баласын жоготкон аялдын үнү маалымат булактары аркылуу бүт дүйнө жүзүнө тарады:

- Мени азыр көрүп тургандарга кайрылам. Мен кайгырып турам, менин балам каякта экенин билгим келет. Мен чалган ооруканалардын биринде да балам жок экен,- дейт аты - жөнү айтылбаган, испанча сүйлөгөн аял.

Куткаруучулардын айтымында, ошол убакта имараттын ичи адам көтөрө алгыс абалда ысып чыккан. Мындайда газ түтүкчөлөрү дагы жарылышы толук ыктымал болчу. Өрт өчүргүчтөрдүн башчысы Хюго Валдез мындай дейт:

- Ошол убакта бири-бирине байланган көп кырдаалдар бар болчу. Бирок алдыбызда эң башкысы өрттө калган адамдарды таап, куткаруу гана максаты турду.

Ырасмий бийлик кырсыктан кийин өрт чыккан соода түйүндүн кожоюнун камакка алды. Ал өрт учурунда товарларды уурдап бараткандарды чыгарбаш үчүн дүкөндүн эшиктерин жабууга буйрук берген. Полиция соода түйүндүн кожоюнуна дал ушундай айып тагууда. Жергиликтүү маалымат булактары жазганга караганда, өрт өчүргүчтөр соода борбордун эң башкы кире беришиндеги чоң эшиктин кулпуланганын тастыкташууда.

Ал эми соода борбордун өкүлдөрү эшиктерди бекитүү тууралуу буйрукту танып чыгышты.

Парагвайдын президенти Никанор Дуарте бул окуяга байланыштуу өлкө боюнча үч күндүк аза жарыялады. Кырсык болгон жерге барган мамлекет башчы мамлекеттик ооруканаларда дарыгерлер жетишпей жаткандыктан, жеке менчик ооруканаларды жарадарларды кабыл алууга чакырды.

Алты миллион калкы бар жарды мамлекетке бул таргедиядан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө башка мамлекеттер кол кабыш кылууда. Аргентиналык ооруканалар өрттөн жапа чеккендерди кабыл ала баштаса, ушул эле өлкөнүн аба күчтөрү куткаруу иштерине жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

“Ассошейтед пресс” агенттиги билдиргенге караганда, бул өрт - Парагвайда сегиз миң адамдын өмүрүн кыйган 1947-жылдагы өз мүдөөсүнө жетпей калган куралдуу көтөрүлүштөн кийинки оор трагедия болду.

Парагвайдын улуттук конгрессин башкарган Мигел Каризоссанын айтымында, бул кырсык андан да оор улуттук кайгы. Ал бул өрттү 1932-жылдагы миңдеген адамдарды жуткан согуш менен салыштырды. 1932-1935- жылдары Парагвай коңшусу Боливия менен согушкан.

XS
SM
MD
LG