Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

АДАМ САТУУ МАСЕЛЕСИНДЕГИ ДҮЙНӨЛҮК АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага Үч күндүк сапар менен Чехияга келген АКШ элчиси Жон Миллер 5-августта "Азаттык" үналгысынын баш ордосунда журналисттер менен жолукту. Миллер азыр АКШ мамлекеттик департаментинде адам сатуу маселеси боюнча бөлүмдү жетектейт жана анын айтымында, адам сатуу же кулчулук акыркы мезгилде дүйнөлүк маселелердин негизгилерине айланууда.

Элчи Жон Миллердин айтымында, азыр дүйнөдө жылына 800 миңге жакын адам мамлекеттик чек аралар аркылуу мыйзамсыз алып өтүлөт, алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар. Алар негизинен ар башка кара жумушта же күң болуп эркине каршы иштетилгендиктен, бул көрүнүштү толук негизде кулчулук деп эсептеш керек. Кыз-келиндер негизинен сексуалдык күңгө айлантылат.

АКШ мамлекеттик департаменти 14-июнда дүйнөнүн 140 мамлекетиндеги абал боюнча атайын доклад жарыялаган. Чек аралар аркылуу мыйзамсыз алып өтүлгөндөрдүн жарымына жакыны аялдар, 34 пайызы - он сегизге чыга элек кыз-келиндер, 16 пайызы эркек балдар. Докладда дүйнө өлкөлөрү үч топко бөлүнгөн. Биринчи топко - кулчулукка каршы жигердүү күрөшкөн мамлекетер кирген, мурдагы советтик жумурияттардын ичинен бул топко Литва гана кошулган. Үчүнчү топко - кулчулукка каршы жетиштүү чара көрбөгөн өлкөлөр топтолгон жана мурдагы советтик жумурияттардын ичинен алардын катарында Тажикстан аталган. Ортоңку топко - жетиштүү чара көрбөгөн, бирок аракет кылган мамлекеттер кирген жана көпчүлүк мурдагы советтик жумурияттар, алардын ичинде Кыргызстан менен Орусия дагы, ушул экинчи топко кошулган. Азербайжан, Грузия, Казакстан жана Эстония болсо экинчи топко киргени менен, кооптуу өлкөлөр деп аталган.

Бирок элчи Миллердин айтымында, акыркы мезгилде Орусиядагы абал бир кыйла начарлады, ошондуктан Мамдепартамент азыр аны экинчи топтон ылдый жылдырууга аргасыз болду, бирок өлкө азырынча үчүнчү топко түшө элек:

- Адам аткезчилиги Орусияда олуттуу маселеге айланууда. Кулдар башка мамлекеттерден дагы Орусиянын өзүнө алып келинет, орусиялык жарандар дагы чек ара аркылуу сыртка мыйзамсыз алып өтүлөт жана Орусия аркылуу дагы абдан көп адам башка мамлекеттерден үчүнчү өлкөлөргө сатылат. Бийлик чара көрүүдө, мындай аракеттерди кылмыш деп эсептеген мыйзамдар кабыл алынды жана бейөкмөт уюмдар менен дагы кызматташып жатат. Бирок жалпы абал өтө начар жана биз азыр Орусияны экинчи топтон чыгарып, кооптуу өлкөлөр катарына коштук.

Элчи Миллердин айтымында, кээ бир өлкөлөрдөгү экономикалык абал жакшырган сайын, алардын жарандары сыртка кул болуп сатылгандын ордуна, аларга башка мамлекеттерден мыйзамсыз алып келинген адамдардын саны өсүүдө жана мисалга Чехияны келтирсе болот:

- Чехиянын экономикалык өнүгүүсү өрүш алган сайын, маселенин маңызы өзгөрдү. Эгер мурда чех жарандары сыртка алып чыгылган болсо, азыр Чехиянын өзүнө Евразия жана Чыгыш Европа мамлекеттеринен абдан көп адам алып келинип, кулдарга айландырылууда. Негизинен алар секс кулчулугунда иштейт.

Кулчулукка күрөшүү максатында Америка Кошмо Штаттары жакында атайын фонд түзүп, ага 120 миллион доллар бөлдү. Ошондуктан элчи Миллер азыр ар башка мамлекетке барып, адам сатуу маселесин изилдеп, кээ бир өлкөлөргө санкция жарыяланышы тууралуу билдирип, кээ бирлеринин жетекчилигине абалды жакшыртуу боюнча көмөк көрсөтүүдө. Анын айтымында, акыркы айларда кулчулукка каршы күрөшүү багытында Босния-Герцеговина, Грекия, Грузия, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын өкмөттөрү орчундуу чараларды көрө баштады.

XS
SM
MD
LG