Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

«КАНТИП ИШКЕРЛИК КЫЛУУ КЕРЕК?»: 2-берүү: «РЫНОКТОН ОРДУҢУ ТАП!»


Сапар Орозбаков, Бишкек Көп адамдар «акча болсо эле - бирөө карызга акча бере койсо эле, айлантып акча кылып алат элем» деп ойлошот. Бирок ишкерлик кылуу үчүн алгачкы капитал анчалык деле маанилүү маселе эмес. Акчасы болуп туруп, банкрот болгондор бар. Туугандарынан карыз алып, пайда тапмак тургай, ошол акчанын өзүн чыгара албай, туугандары менен жаман-жакшы айтышкандар толтура. Азыр буга байланыштуу туугандарынан, дос, тааныштарынан айрылгандар бар. Банктан кредит алып, иши жүрбөй, үй-жайынан ажырагандар чыгып жатат.

Мен маектешкен ишкерлердин баардыгы тең «акча болсо эле баарын кыйратат элем» деген ой таптакыр туура эмес экендигин белгилешет. Эмил Үмөталиев, «Кыргызконцепт» компаниясынын жетекчиси:

- Бул чоң жаңылыштык. Мен ишкерликти баштаганда акчам жок эле баштагам. Кийген шымымдын жамаачысы бар эле. Ошол жылдары эч кандай капиталым жок эле ойлоп жүргөн бир идеям бар болчу. Идеямдын туура экендигин далилдеп айтып берип, жардам берер кишилерди тапкам. Өзүмдүн билимимди жана тажрыйбамды пайдалангам. Рекламага апамдан анча-мынча акча алып, ишти баштап кеткенбиз. Азыр бирөөлөр «ал кезде болсо болгондур, азыр ишкерликти баштоо кыйын» деп айтышы мүмкүн. Мен азыр деле баардык акчамдан айрылып калсам да, эч кимден бир тыйын албай, бизнес баштап кете аларыма ишенем.

Ишкерлердин баары акчадан мурда бир идея болуш керек экендигин белгилешет. Ал эмне болгон идея? Төлөндү Тойчубаев, «MNT koncalting» компаниясынын жетекчиси:

-Менин рыногум кайсы? Мен эмне үчүн иш кылганы жатам? Эмнени кимге сатам? Башкача айтканда ким эмнени сатып алууга даяр? Ушуларды толук түшүнгөндөн кийин анан иш башташ керек. Менин биринчи берер кеңешим ушул.

Ишкерликте кеңири тараган каталык - бул бирөөлөрдү сокур тууроо. Көп адамдар «баланча тигинтип жакшы акча таап жатыптыр» деп угуп алып, ал жасаганды кайталап киришет. Бул туура эмес. Рынокто сиздин товарыңызга окшош товарлар толуп турса, сиз чыгарган же саткан товар өтпөй калышы мүмкүн. Демек, акча таба албайсыз. Атаандашыңыз жок болуп же аз болуп, сиздин товарга керектөөчүлөрдүн күнү түшүп турса, сизге алда канча жеңил болот. Сиздин товарыңызды талап кетишет. Көп акчаны атаандашы болбой, рынокту жалгыз ээлегендер гана табышкан. Табылды Эгембердиев, «Шоро» компаниясынын жетекчиси:

-Кыргыздар ойлонбой иш кылышат. Тиги тигинтип жатыптыр деп бири-бирин туурай беришет. Мындан эки-үч жыл мурун бардыгы бири-бирин туурап, май куючу станцияларды куруп алышты эле, азыр анын баары банкрот боло башташты. Бүгүн Бишкекте эмне көп? Май куючу станциялар, казино, ресторан көп. Эл катары деп, бирөө буудай айдаса айылдын баары буудай айдайт. Азыр кыргыздын 60% айылда жашайт эмеспи. Ошол айылдагылардын ойлонбой жасаган иши тууралуу бир мисал айтып берейин: Мен тууганыма барып калсам, 3 гектар жер тийиптир. Бизде жер кенен(кеп Жумгал району жөнүндө жүрүп жатат). "Эмне кылып жатасыз?" десем, бир гектарына буудай, бир гектарына чөп, бир гектарына картошка жана башка айдап салдым дейт. «Байке, сиз буудайды эмне кыласыз? Сиз буудай айдабай эле коюңуз» дедим. «Чөп эле эгип салыңыз» дедим. Эсептеп отурам да. Муну эсептеш керек - ошондо билинет. Мен ага эсептеп бердим. «Бир гектардан канча буудай аласыз» десем, «1,5-2 тонна алам» дейт. «Буудайдын килограммы -3 сом. Сиз бир гектардан аябай эле көп алганда 6000 сом аласыз. Ал эми чыгашаңыз гектарына эки миң сом болот. Андан тышкары сиздин эмгегиңизди эске алганда сизге эки миң сом пайда калат экен. Чөп айдасаңыз, үч жолу чаап алат экенсиз». «Бир гектарга канча уй кармаса болот?» деп сурасам, «7-8 уй» дейт. «Уйдун баасы он беш миң сом болуп атат. Аны жетиге көбөйтсө жүз миң сом болот. Үч жыл өстүрөсүз. Ошондо ар бир жылда отуз миң сом таап атпайсызбы. Буудайды казактар менен чүйлүктөр айдасын. Сиз ошолорго бир уюңузду сатсаңыз, он беш миң сомго үч тонна буудай сатып аласыз. Калган алты уюңуз өзүңүздө калып жатпайбы» дедим. «Быйыл айылга кайра барсам, «туура айтыпсың, ырас болуп, жыргап калбадыкпы» дейт.

Адатта ишкерлер бир эле мезгилде бир нече иш башташат. Анткени анын бирөө болбой калса, экинчиси аны басып кетип, жалпысынан иш үзгүлтүккө учурабайт. Бирок өтө эле көп иштин башын кармап, жөн эле чарпыла берүү да коркунучтуу. Сиз алардын баарына жетише албайсыз. Натыйжада баардык иш ойрон болушу мүмкүн. Төлөндү Тойчубаев, «MNT koncalting» компаниясынын жетекчиси:

- Бүгүнкү кыргыздын бизнеси кандай? Бүгүнкү кыргыз бизнесменинин бир саунасы, маршрутта эки бусиги, бир аптекасы, “Дордой” базарында бир соода контейнери, мындан башка ижарага берген эки квартирасы бар. Жети-сегиз бизнеси бар. Бирок анын баары бири-бири менен шайкеш келбейт. Ошондуктан бир дагы бизнеси жакшылап өнүкпөйт.

Ишкерлик идея деген сөз - башка сөз менен айтканда рыноктон өз ордуңду тап, рыноктон жылчык изде деген эле кеп. Мындан 10-15 жыл мурун мамлекеттик ишканалар токтоп турганда рыноктон орун табуу оңой болчу.

Маалымат иретинде: 1990-жылдардагы экономикалык абал жана анда ишкерликтин өнүгүшү:

Кыргызстанда ишкерлик мурдагы Советтер союзунун курамына кирген өлкөлөрдөй эле Горбачевдун кайра куруу заманындагы кооперативдик кыймыл менен башталган. Бирок ал кезде иш баштагандардын көпчүлүгү ишкерликке олуттуу мамиле кылбай, тийип-качып иштешип, жаңы деңгээлге өсүп-өнүгүп кете алышкан эмес.

Ишкерликтин өнүгүшүнө 1992-жылы баалардын эркин коё берилиши жана экономикалык реформалардын башталышы чоң түрткү болду. Ал кезде кредит алам дегендерге банктар эч кандай күрөөсүз эле акча бере беришчү. 1992-жылы банктардын үстөк пайызы 50% ашкан эмес. Ал кез инфляция күчөп, акчанын баркы күн санап кетип турган кез болчу. 1992-жылы инфляция 800% ашкан. Банктан кредит алган адам эч кандай товар чыгарам деп убара болбой эле, алган кредитинен эле бир нече эсе көп пайда тапкан. Мисалы, ишкер банктан бир жылга 1 млн. рубль кредит алып, ага товар алып койгон. Баа 8 эсе өскөндүктөн, ал жыл аягында товарын 8 млн. сомго сата алган. Ишкер мурда алган 1 млн. рубль кредитин жарым миллион рубль үстөк пайызы менен банкка кайтарып берип, 6,5 млн. рубль айырманы өз чөнтөгүнө салып койгон. Ал кезде иш баштаган ишкерлер товарды кайда сатам деп да баш оорутушкан эмес. Ал кез мамлекеттик ишканалар токтоп, көз карандысыздык алган өлкөлөрдүн байланышы үзүлүп калган учур болуп, баардык товар өтүп турган. Бирок ишкерлик кылуу чоң өнөр болуп, анын сырларын көптөрү жакшы биле бербегендиктен мындай жол менен жеңил акча тапкандардын бир даары кийин банкрот болушту. Бир бөлүгү болсо коомдо өз ордун тапкан, элге таанымал ишкерлерге айланышты. Аларга «Дордой» компаниясынын уюштуруучусу Аскар Салымбеков, «Азат» компаниясынын жетекчиси Өмүрбек Абдрахманов, «Шоро» компаниясынын жетекчиси Табылды Эгембердиев, «Кыргызконцепт» компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиев, Жыргалбек Сурабалдиев, Өмүрбек Бабанов, Кубатбек Байболов, Валерий Хон, Владимир Воробьев жана башкалар кирет.

1994-жылы баштагалган менчиктештирүү ишкерлердин дагы бир жаңы толкунун жаратты. Мамлекеттик ишканалардын мурдагы жетекчилери өздөрү башкарган ишканаларды ит бекер менчиктештирип, коллективге берилген акцияларды да алдап сатып алышып, алардын чыныгы ээси болуп калышты. Булардын да айрымдары ишкананы иштете албай өздөрүнө тийген акцияларды сатып жиберишкен. Айрымдары болсо ийгиликтүү иштетип жатышат. Ушул мезгилде чыккан ишкерлердин өкүлдөрү- Алмаз Атамбаев, Мухамбет Ибрагимов жана башкалар. Аналитиктер бул ишкерлердин жогоруда сөз болгон ишкерлерге караганда акчасы көбүрөөк болушу мүмкүн деп болжошот. Бирок аналитиктер бул ишкерлерден бийлик ресурстарын пайдаланып кийинчерээк пайда болгон ишкерлер ашып түшөт деп эсептешет. Жалалабадда чыккан "Фергана" аттуу гезит элди сурамжылоо жүргүзүүнүн негизинде Кыргызстандагы 100 байдын тизмесин аныктап, ага бийликтеги адамдардын бир нечесин, анын ичинде президенттин, уулун, күйөө баласын жана бир тууганын киргизген.

Кыргызстан дүйнөдөгү эң коррупциялуу өлкө. Муну иш баштайм деген ар бир ишкер эске алышы керек.

1990-жылдардын башында түзүлгөн кырдаалды туура баамдап, рыноктон өз ордун таап калууга үлгүргөн ишкерлердин бири «Азат» компаниясынын жетекчиси Өмүрбек Абдрахманов. Ал кантип ишкер болуп калгандыгы тууралуу буларды айтты:

- Жашоо үчүн, нан үчүн көп нерсе менен алагды болдум. Шыпыргы саткан күндөр болду. Калпак тигип саткан күндөр болду. Шекер саткан күндөр болду. Торт түйүп да саттым. Ошентип анча-мынча акча тапкандан кийин дурус адамдар менен жолугушуп калдык. Анан мебель дүкөн сатып алып, ошол түрткү болуп кетти. Дүкөндүн бир жак бөлүгүн сатып алганбыз. Сатып алганыбыз да кызык болду. «Чоң дүкөн экен, муну эмне кылмак элек» деп эч ким албай коюптур. Айласы жок аны бизге беришти. Биз карызга акча таап, аны сатып алганбыз. Бул 1992- жылы болгон. Ошону менен биз мебель менен иштөөгө мажбур болдук. Чет мамлекеттерге - Дубайга барып, баш-аягы 3 жылдай жүрдүм. Ал жактан мебель жиберип турдум. Ал жерден жакшы адамдар менен жолугуп, алар бизге акчасын берип турушту. Биз аларды уят кылбай, акчасын кайрып берип турдук. Ташып атып мойнубуз жоруду. Анан кийин ойлодук, «эмне үчүн биз чыгара албайбыз» деп. «Биздин колубуз, мээбиз жокпу, аракет кылалы» дедик. Дубайдагы фабрикаларды көрдүк. Анан Түркияга бардык. Үйрөнө турган жер Түркия болот. Алар кирбе деп айтышпайт. Түрктөр бизди туугансынып, жашыруун сырларын айтып беришип, баарын көргөзүштү. Мебель жасаганды ошол жактан үйрөнүп келдим. Келгенде Германиянын кредиттик линиясынан кредит алдым. Германиядан станок, машинелерди сатып алып, азыркы фабриканы курдум. Анан иштей баштадык. Быйыл 7 жыл болуп калды. Кредиттен кутулдук.

Ишкер эл көрө албаган нерсени көрө билген көрөгөч болушу керек. Кайсы бир товарга бирөөлөр муктаж болорун алдын ала сезип, ошол боюнча ишти элден мурун баштагандардын көпчүлүгү ийгиликке тез жетишкен. Мисалы «Кыргызконцепт» компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиев Кыргызстан эгемендик алгандан кийин чет өлкөлүктөр келе баштаарын, алар ар кандай жардамга муктаж болорун билип, туристтерди тейлөө боюнча компания түзгөн. Турмуш анын ою туура болгонун көрсөттү. Бул тууралуу Эмил Үмөталиев өзү мындай дейт:

-Баштаганда жөнөкөйдөн эле баштадык. Келген конокко жол көргөзүп, машинеге отургузуп, барар жерине жеткирип, чемоданын көтөрүп жүрүп баштадык. Аларга тилмеч болуп жүрдүк. Андан мурда англис тилине үйрөтүүдөн баштаганбыз. 91-92-жылдары англис тили боюнча курстарды уюштурдук. Мен Бишкекте эң биринчи болуп англис тили боюнча курстарга чет мамлекеттерден волонтёрлорду чакыргам. Ал кезде Роза Отунбаева эгемендүү Кыргызстандын элчиси болуп дайындалып, АКШда элчилик ачкан. Мен ал кишиге ойлорумду айтып берсем, ал туура көрүп колдогон. Америкадан волонтёрлорду чакыра баштадык. Англис тили эне тил болгон Америка, Англия, Канададан волонтёрлор келишип, биздин курска мугалим болуп беришкен. Ал курстарды конкуренциясыз 2 жыл иштеттик. Анан биз өнүгүп, ишкерликтин башка түрлөрүнө өткөнбүз. Азыр андай волонтёрлор көбөйүп кетти. Мен волонтёрлорду биринчи чакырганыма сыймыктанам.

Азыр рынок толтура. Рынокто каалаган товарлардын баардыгы бар. Бир караган кишиге азыр рыноктон жылчык табуу мүмкүн эмес. Ошентсе да аны азыр деле тапкандар көп. Ишкерлердин арасында «акча басып жүргөн жерибизде эле жайнап жатат, аны көрүп, көтөрүп алыш керек» деген кеп көп айтылат. Бут астында тепселип жаткан акчаны көрүү үчүн дүйнөнү ишкерлердин көзү менен караш керек. Рынокту жакшылап изилдөө зарыл.

«Акун» компаниясы 1990-жылдардын акырында иш баштаганда ар бир айылда тегирмен болуп, ун чыгаргандар жайнап турган мезгил болчу. «Акун» компаниясы ушундай шартта да рыноктон өз ордун таап кеткен. Компаниянын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков эл сапаттуу унга муктаж болуп жатканын сезип, Түркиядан андай ун чыгара турган тегирмен алып келип орноткон. Чыныбай Турсунбеков:

- Ун рыногу ошол кезде эле өтө күчтүү рынок болчу. Анткени Канадалык-Кыргызстандык «КАС» деген чоң фирма Кыргызстандын рыногун ээлеп турган. Ага казактардын чоң-чоң ун чыгарган фирмалары кошулчу. Биз рынокко ошол учурда келгенбиз. Ошол чоң фирмалардын жаңылыштыгынан пайдаланып, биз бул рынокто өзүбүздүн ордубузду ээлеп калдык. Демек, бул үчүн өз убагында эсептей билүү, рынокту ээлөөгө аракет кылуу керек. Ишкерлик жеке эле акча, идея эмес, ишкерлик так эсеп. Күн-түн дебей, уйку көрбөй аракет кылып иштөө керек.

Ишкерликти ар ким өз кесибине байланыштуу, өзү жакшы билген иштен баштаганы оң. Албетте, сиздин чыгарган продукцияңызга кардар болуш керек.

Өзүңүз жакшы билген иште гана сиз башкалардан сапаттуу, арзан товар өндүрүп же кызмат көрсөтүп, сиздин товарыңыз өтүмдүү болот. Ката жиберип, жаңылбайсыз. Сиз өз ишиңизге кызыгып, аны аябай сүйсөңүз андан да жакшы. Ошондо сиз өз ишиңиздин артынан сая түшүп иштейсиз. Талыкпаган эмгек болбогон нерсени болтурат. Андай учурда акча өзү эле келет. Жазуучулар, композиторлор, артисттер, спортчулар, акча табам деп атайын максат кылып койбосо деле, өз ишин өтө жогорку чебечиликке жеткирип, бай болуп чыгаарын турмуштан көп эле көрүп жүрөбүз.

Эгерде башка иш менен бизнес жасайм десең алды менен аны жакшылап үйрөнүшүң керек. Анан дароо эле чоң иш баштабай, иш жакшы жүрүп бара жатканына көзүң жеткенде гана, аз-аздап көбөйтүү керек.

Табылды Эгембердиев,«Шоро» компаниясынын жетекчиси:
Маалымат иретинде: Табылды Эгембердиев 53 жашта. Орто мектепти жакшы окуп бүтүргөн. Фрунзедеги политехникалык институтта курулуш инженерлик кесипке окуган. Совет убагында окумуштуу болууну максат кылып, аспирантурага тапшырган. Жогорку окуу жайда сабак берип, аспирантурада окуган. СССР ыдырагандан кийинки башаламан заманда саясатчы болуп, Кыргызстан демократиялык кыймылында жүрдү. Бир катар публицистикалык макалаларды жазган. Анын макалалары кызыктуу болгондуктан, эл талашып окугандыгын да айтып кетүү абзел.

1992-жылы «Шоро» компаниясын түзгөн. Эң алгачкы сатыкка чыгарылган максымды өзүнүн айтуусу боюнча, апасы жасап берген. Бүгүнкү күндө «Шоро» компаниясы Кыргызстандагы эң ири компаниялардын бири. Учурда компания максымдан тышкары кымыз, ашкана жана минерал сууларын, чалап, «Тойбос» деген жарма жасап, керектөөчүлөргө сатып жатат. «Шоро» компаниясы жасаган азыктарын Казакстан менен Орусияга да алып чыгып сатат. Компанияда болжол менен 5 000 чамалуу киши иштейт.

- Буга чыдамкайлык керек. Биринчи баштаганда эле ишиң жүрүп кетпейт. Аздан башташ керек. Белди бекем бууп, азыраак жеп-ичиш керек. Тапкан ташыгандын баарын ишке салып, ишти бутуна тургузуш зарыл. Акча табам десең мүмкүнчүлүк толтура. Ал үчүн соода кылып жаткан кишилерге барып кошо иштешкин. Ишкерлерге илешип иштеп, иш эмне экенин көрүш керек. Мени укмуштай бизнесмен деп жүрүшөт, бирок мени Кытайга барып товар апкел, соода кыл десе, мен тез эле банкрот болом. Мен аны жасабайм, анткени түшүнбөйм. Гений эмесмин да анын баарын кыйраткыдай. Колумдан келгени эле - жарма. Башкалар нефть менен байып атышат. Мен да акчамды көтөрүп алып, нефтиге бара турган болсом, эртең эле сызга отурам. Анткени мен анын аки-чүкүсүн билбейм. Кылган ишиңди жакшы билишиң керек. Мен ушундай кеңеш берем. Бизнес көп нерсени талап кылат. Адам деген окуп, үйрөнүп, аракет кылуусу керек. Болбойт деп жата бергенде болбойт.

XS
SM
MD
LG