Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

ИРАК ӨКМӨТҮ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРДИ


Чолпон Орозобекова, Прага Ирак өкмөтү бүгүн өлүм жазасын калыбына келтирди. АКШ баштаган коалициялык күчтөр тарабынан өлүм жазасы былтыр убактылуу токтотулган болчу. Кечээ Ирактын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Айад Алави беш күндөн бери салгылаш уланып жаткан Нажап калаасына барды. Өкмөт башчы Муктада аc-Садр башында турган шийи жоочуларды кан төгүүнү токтотууга чакырды.

Нажапта кан төгүү беш күндөн бери уланууда. Байкоочулардын баамында, соңку төрт айдан бери Иракта мынчалык чоң салгылаш боло элек болчу. Нажапта жарылуулар менен замбиректин үнү тынбай, кадимки согуш уланууда. Американын тикучактары абадан сокку уруп, Нажаптын үстүн кара түтүн каптап турат.

Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Айад Алави кан төгүлүп аткан жерге жекшемби күнү барды. Нажапка барган Айад Алави мындай билдирүү жасады:

- Тилекке каршы мыйзамга каршы иш жасаган адамдар бар. Бул шаар - өтө бекем жана баатыр шаар. Биз бул жакка шаар губернатору, полиция жана улуттук гвардия өкүлдөрү менен пикир алышканы келдик. Жоочулар бул ыйык жерден тез арада чыгып, куралын таштап, акыр мыйзам менен тартипке баш ийишет го деген үмүтүм бар, - дейт Ирактын премьер-министри.

Дүйшөмбү күнү Муктада аc- Садыр анын жигиттери кашык каны калгыча согушарын айтып чыкты. Буга жооп катары “ал- Арабия” сыналгыканалы аркылуу Ирактын Коргоо министри Хазем Шалаам Нажаптагы кырдаал курчуп кетсе ирактыктык куралдуу күчтөр америкалыктарга жардамга барарын билдирди.

Коргоо министри билдиргенге караганда, Муктада ас-Садрдын жоочулары курал- жаракты Ирандан алган. Ошондой эле Нажаптагы кагылышууда Муктада ас-Садырды колдош үчүн Басра, Хилла, Назириш калааларынан шийилердин жоочулары агып келип кошулууда.

Нажаптагы согуштук аракеттерди башкарган америкалык полковник Жон Люис Майер жоочулар борбордук мечиттин ичине жайгашып алып, замбирек менен америкалыктарды аткылап атышканын айтты. Анын айтымында, шаар четиндеги көрүстөндүн жанында америкалык аскерлер менен жоочулар ортосунда куралсыз кармаш болду. Америкалык полковниктин айтымында, жоочулар курал- жарактарды табытка салып ташып келип атып, мечиттин жертөлөсүн курал- жарак сактоочу жайга айландырып алышты.

- Биз бул салгылашты өзүбүз тандап алган жокпуз. Ирактын улуттук гвардиясы менен полициясына жардам бергени келгенбиз. Ирак эли боштондукка чыккандан кийин Ирак полициясына кол салуу болсо, демек, АКШнын куралдуу күчтөрүнө кол салынды дегендикке жатат. Бул салгылаштан баш тартууга мүмкүн эмес болчу, - дейт америкалык полковник.

Жекшембиде Ирак өкмөтү өлүм жазасын калыбына келтирди. Саддам Хусейндин режими кулагандан кийин жогорку жазага убактылуу тыюу салынган болчу.

Ирактын Юстиция министринин орун басары Бушо Ибрагим Али дүйшөмбү күнү мындай деп билдирди:

- Министрлер кеңешинин кубаттоосу менен ушундай чечимге келдик. 2003- жылы 10- июнда убактылуу коалиция чыгарган токтомду өзгөртүп, Ирактын кылмыш кодексинде каралган өлүм жазасын калыбына келтирүү бүтүмүнө келдик, - дейт Юстиция минитсрлигинин өкүлү.

Дүйшөмбүдө Ирактагы бегилүү саясатчы Ахмед Чалаби жана анын тууганы Салем Чалабини камакка алууга сот санкция бергени маалым болду. Бүгүнкү күндө Ахмед Чалаби Саддам Хусейндин иши боюнча трибуналды башкарат.

Ирак соту Зухаир Маликинин билдиргенине караганда, Ахмед Чалаби жасалма акча жасоого тиешеси бар катары, ал эми аталаш тууганы Салем Чалаби адам өлтүргөн деп шектелүүдө.

Ушул күндөрү Тегеранда жүргөн Ахмед Чалаби CNN телеканалына берген маегинде бул айыптарды четке кагып, Иракка баргандан кийин өз жүйөлөрүн сот алдында айтарын билдирди.

XS
SM
MD
LG