Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

85 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КАЙДА?


Өткөн жылдын соңунда Кыргыз өкмөтү менен Канаданын Камеко корпорациясы “Центерра голд” биргелешкен ишканасын түзгөн. “Кумтөр” кени толук кирген “Центерра голд” компаниясынын 30% тегерегиндеги акциясы кыргыз өкмөтүнө, калганы Камекого тийген. Өкмөт башчы Танаев 30% акциянын бир бөлүгү сатылып, акча Улуттук банкка түшкөнүн кабарлаган.

Премьер министр Николай Танаев июнь айында Бишкектеги “Хаят” мейманаканасында өткөн жыйында “Центерра голддогу” Кыргызстандын 30% акциясынын бир бөлүгүн сатуудан 85 миллион доллар Улуттук банктын эсебине түштү деп билдирген. Ал дегеле “Кумтөрдү” толук сатууну эң пайдалуу иш катары баалаган:

- Мен силерге айтып коюшум керек, бул келишим биздин өлкө үчүн пайдалуу. Эгерде андай болбогондо менин башыма, ким болбосун, мылтык кезеп туруп, кол кой десе да кол коймок эмесмин.

Бирок премьер министрдин «85 миллион доллар акча Улуттук банктын эсебине түштү” деген сөзү чындыкка туура келбесин Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов тастыкдады. Демек, быйылкы жылдын башында акция сатуудан түшкөн акчанын кайда экендиги коомчулукка белгисиз.Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Санжар Үмөталиев 85 миллион доллар боюнча маалымат жоктугун билдирди:

- Азыр бизде бул боюнча маалымат жок.

Анын айтымында, премьер министр жакын арада Кумтөрго барат. Ошол жерде бул маселе ачыкталышы мүмкүн.
Бул иште толук ачыктыкты камсыз кылабыз, деп Николай Танаев буга чейин убада берген. Бирок ал сөзү да аткарылбай жатат дейт “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова:

- Өкмөт бул боюнча биздин каттарга жооп бербей жатат. Николай Танаев алган кредитке байланыштуу, андан кийинки суроолорго жооп бербей жатат. Алар “Маалымат алуу укугу” тууралуу мыйзамды бузуп жатышат.

Анын айтымында, өкмөттүн бул маселени жашырып жаткандыгына байланыштуу “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюму Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын эки комитетине кайрылып, 85 миллион доллардын кайда экендигин аныктап берүүнү өтүндү.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков дегеле “Кумтөр” кенин сатууну чыккынчылык катары баалап, парламент бул маселени сөзсүз караш керек деген пикирде:

- Кумтөрдүн алтыны бул Танаевдин, же башка бирөөлөрдүн менчиги эмес. Элдин менчиги. Ал жерден биз миллиарддаган доллар уттуруп жатабыз. Миллиард долларды алгандын ордуна 80 миллион алуу-бул өз элине чыккынчылык. Ошондуктан айтаарым-85 миллион доллар бизге түшкөн күндө да, Кумтөрдү сатуу чыккынчылык. Эми миллиард менен 85 миллиондун айырмасы бар да? Заводдун баарын куруп, карыздардын баарын өзүбүздүн мойнубузга алып, эми продукцияны сатып, пайда алаарда чет өлкөгө берип коюу чыккынчылык да. Ошондуктан парламент аны милдеттүү түрдө караш керек. Эгерде аны көтөрө албаса-андай мындай парламенттин жогу жакшы.


Өткөн жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Кумтөр кенин сатууга тыюу салган эки токтом чыгарган. Бирок ага карабай өкмөт аны сатууга барган. Николай Танаев “сатуу Кыргызстанга пайдалуу» деп билдирүүдө. 1990-жылдардын башында Камеко Кыргызстанга алгачкы ирет келип, Кумтөр боюнча келишим түзгөн учурда бийлик башындагылар “келишим биз үчүн пайдалуу” деп элди ишендирген. Бирок, анын Кыргызстанга пайдасыз экендигин убакыт тастыктап отурат. Ал эми 85 миллион доллардын тагдыры эмне болгонун расмий бийлик ачыктабай турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG