Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

БАТЫШ ДИПЛОМАТТАРЫ МУШАРРАФТЫ ТЕРРОРЧУЛАР МЕНЕН КҮРӨШҮҮГӨ ҮНДӨӨДӨ


Пакистандын президенти Первез Мушарраф оогандык кесиптеши Хамид Карзай менен жолугушуу маалында Ооганстандагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратыш үчүн жоочулар анын өлкөсүн плацдарм катары пайдалана алышпайт деп ишендирди. Ошол эле мезгилде Кабулдагы бир катар дипломаттар Исламабад Пакистандын аймагында жайгашкан талиптердин машыгуу лагерлерине кайдыгер мамиле жасоодо деп ырасташууда.

Карзай Мушаррафтын сөздөрүн жогору баалап, Исламабаддагы жолугушуудан кийин мындай деп комментариялады:

- Биз ага-ини, эки жакшы дос катары өтө жакшы сүйлөшүү өткөрдүк. Эки өлкө ортосундагы бир туугандык алакалардын жана терроризмге каршы биргелешкен күрөштүн улантылышын тастыктадык.

Мушаррафтын ырастоосунда, Пакистан армиясы чегарадагы автономиялуу уруулардын аймагында башпааналап жүргөн “Ал-Каиданын” согушкерлерин жок кылуу операциясын жигердүү өткөрүп жатат. Июлдун ортосунан бери ал чөлкөмдө 60га жакын шектүү террорчу кармалган. Албетте, жоочулардын айрымдары Ооганстан тарапка өтүп кетип жаткан болушу мүмкүн. Бирок Пакистан өкмөтү же анын коопсуздук органдарынын аракеттеринен күмөн санабай эле коюш керек, - деди Мушарраф.

Кээ бир маалымат каражаттары болсо чегарадагы жагдай Кошмо Штаттары менен Ооганстанды өтө кооптонтуп жатканын кабарлашууда. “Нью-Йорк таймс” гезитинин шейшемби күнкү санында жазылгандай, Пакистандын аймагында талиптердин машыгуу лагерлери дагы эле жок кылына элек, Пакистан тараптан өтүп келген согушкерлер болсо Ооганстандагы чабуулдарын улантышууда. Пакистандын коопсуздук кызматтарынын дарегине айтылган бул сын-пикирди басылма Кабулдагы батыш дипломаттарына шилтеме берип жазып чыкты.

“Батыш чалгынчылары талиптер 9-октябрга ири кол салууларын даярдап жаткандыгын аныкташты”, - дешет атын атабаган дипломаттар. “Исламабад террорчуларга каршы кечиктирилгиз чара көрүшү керек. Террорчулар карасанатай пландарын ишке ашырса, Мушарраф өкмөтү да ал үчүн жооп бере”, - деп эскертишет дипломаттар.

Ройтерс маалымат агенттиги жазганына караганда, Вашингтон менен Кабул Пакистандын “Ал-Кайиданын” согушкерлерине каршы багытталган иш-аракеттерине канааттанат. Талиптер болсо, Исламабаддын аскерий операцияларына карабай, дагы эле чегарада жашырынып жүрөт.

Буга байланыштуу аскерий аналитиктер талиптердин диний кыймылы алгачкы жылдары Пакистандын чалгындоо кызматы тарабынан каржыланып келгенин эске салышат.

Кыймылдын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн этникалык пуштундар түзчү. “Ал-Кайида” болсо араб же чет жерлерден келген ислам согушкерлеринен куралган.

11-сентябрдан кийин Мушарраф анын өлкөсү талибан режими менен алакаларын үзүп, терроризмге каршы согушка кошулаарын жарыялаган эле.
Арийне, айрым эксперттер ырастагандай, автономиялуу уруулар жашаган аймактарды контролдоо ал үчүн өтө кыйын. Эмне дегенде, талиптер менен этникалык пуштундардын лидерлери ортосундагы альянс дагы деле күчтүү.

Башкалары болсо Мушарраф бул жерде эки беткей саясат жүргүзүүдө дешет. Бир четинен талиптер жок кылынып же аймактан куулмайынча, Исламабад кошуна мамлекеттеги окуяларга таасир эте алат. Өзгөчө АКШ Усама бин Ладенди колго түшүрүп, региондон чегинип кеткен кезде.

Пакистандын расмий өкүлдөрү болсо мындай дооматтарды четке кагып, талиптер менен ал-кайидачыларга каршы болгон аракетин жумшап жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG