Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Иракта кербенге кол салуудан америкалык жети аскер окко учту


Фаллужа шаарындагы окуяда дагы ирактык улуттук гвардиянын үч кызматкери курман болду.

Бүгүн мындан тышкары Иракта уурдалып кеткен Иордандын үч, Судандын бир атуулу боштондук алды. Ошондой эле Түркиянын атуулу ал айдоочу болуп иштеген компания барымтачылардын талабы менен Ирактагы ишин токтотоорун жарыялагандан кийин коё берилди. Ал эми август айында туткундалган франциялык эки журналисттин тагдыры беймаалым. Интернетте журналисттер үчүн 5 миллион доллар талап кылган билдирүү жарыяланды.

Ал эми ирактык күчтөр жана америкалык аскерлер жүргүзгөн рейдде Киркук жана Латифия шаарларында жүздөгөн киши камакка алынды.

XS
SM
MD
LG